А. Тыныбекова кезектеги беттешке даярданууда

0

Каганат.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамалекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтө турган жабык имараттагы Азия оюндарына эркин күрөш боюнча Кыргызстандан 5 беш балбан кыз катышат. Алардын арасында Айсулуу Тыныбековада бар.

 Маалым болгондой,  бешинчи Азия оюндары 17-сентябрдан 27-сентябрга чейин өтөт. Ал эми айымдар арасында эркин күрөш боюнча таймаш 24-25-сентябрь күндөрү өтүп, анда кыргызстандык 5 балбан кыз күч сынашат.

Аталган оюндарга Кыргызстандан жалпы 153 спортчу катышып, спорттун 17 түрү боюнча таймашат.

 Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын айымдар курама командасы:

48 кг чейин — Саяна Баизова

55 кг чейин — Назира Марсбек кызы

58 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова

69 кг чейин — Мээрим Жуманазарова

75 кг чейин — Айпери Медет кызы

Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков.

Эске салсак Айсулуу Тыныбекова учурда дүйнөдөгү балбан кыздардын арасында 3-орунда турат.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × үч =