Депутат: “30 жылдан кийин кыргыз тилин 1 миллион кыргыз билбей калышы мүмкүн”

Каганат.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты.

Депутат гуманитардык сабактар боюнча диссертациялар кайсы тилде жакталат деген суроо салды.

Билим берүү жана илим министринин өкүлү кыргыз жана орус тилдеринде жакталарын билдирди.

“Эмнеге кыргыз тарыхы боюнча диссертацияны башка тилде жактообуз керек? Логика кайда? Анан кантип кыргыз тилин өнүктүрөсүңөр? Кыргыз адабияты, Кыргызстандын географиясы боюнча диссертацияны кантип орус тилинде коргойт? Анан кантип кыргыз тили өнүгөт?”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле Иманалиев кыргыз тилин компьютердик программага киргизү боюнча кандай иштер жүрүп жатканына кызыкты.

Билим берүү жана илим министринин өкүлү кыргыз тилин үйрөтүү боюнча ар кандай пргограммалар иштелип чыгып жатканын билдирди.

“Уюлдук телефон аркылуу кыргыз тилин бекер үйрөтүүнү киргизүү керек. Өз тилин мамлекеттик тил кылган элдер дүйнөдө аз эле. Тилдин азайганы көз карандысыздыктын азайганы. 1 млн кыргыз 30 жылдан кийин кыргыз тилин билбей калышы мүмкүн”,-деди эл өкүлү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − жети =