Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын жетекчилиги алмашты

0

Каганат.

ИИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын жетекчилигине милициянын полковниги Абдиш Коомбаев дайындалды.  

Абдиш Коомбаев 1969-жылы туулган. 1997-жылы Кыргыз улуттук университетин, 2008-жылы Орусия ИИМинин Башкаруу академиясын бүтүргөн.

Ички иштер органдарындагы кызматын 1992-жылы тергөөчү болуп баштаган. Буга чейин ал бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

8 − 1 =