Депутат: “ЖАМУнун ректору студенттерди КСДПнын талапкерин колдогула деп мажбурлап жатыптыр”

0

Каганат.

Мамлекеттик кызматкерлер дагы үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында Зиядин Жамалдинов билдирди.

Айтымында, жер-жерлерде КСДПнын тарапташтары башка талапкерлерге бут тосушууда.

“Жалал-Абаддагы Кара-Дарыя айылынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин баннерлерин алдыртып салыптыр. Карак-Көл шаарындагы телекомдун имаратын Бакыт Төрөбаевдин кишилери ижарага алышыптыр, ал жактан дагы чыгарып салышыптыр. ЖАМУнун ректору студенттерди мажбурлап, форма 2 толтуруп ушул жерде КСДПнын талапкерине добуш бересиңер деп жатыптыр”,-деди депутат.

Ошондой эле Ошто дагы ушундай көрүнүш болуп жатканын айткан Жамалдинов административдик ресурсту колдонуу болуп жатканын кошумчалады.  

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − тогуз =