“Кумтөр” маселеси каралып жатса ЖКнын жыйынында болгону 19 депутат калды

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин жыйынына болгону 19 депутат катышууда, бирок катталгандардын саны 70. Бул тууралуу жыйындын жүрүшүндө депутат Курманккул Зулушев билдирди.

Күн тартибинде “Кумтөр” маселеси каралып жаткан болчу.

“Эмне деп келишим түзүлгөнү тууралуу маалымат жок. “Кумтөргө” байланышкан чоң, маанилүү маселени бүгүн караганыбыз туура эмес. Келишимди алып келишсин. Депутаттар кийинки жыйынга топтолсо анан талкууласак туура болот. Мөңгүлөр эрип жатат деген маалыматтар бар, булардын баарын тактап алалы да. Бул маселени башка күнгө жылдырууну сунуштайм”,-деди эл өкүлү.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 5 =