
Каганат.
Бишкектеги 619 лифттин колдонуу мөөнөтү бүттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңеши билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 2 299 лифт бар, алардын 729у муниципалдык болуп саналат.
2017-жылы лифттерди алмаштырууга 30 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка 23 лифт оңдолмокчу.
“Үнөмдөлгөн каражатка 25 жылдан ашуун убакыт пайдаланылып жүргөн лифттер оңдолот”,-деп билдиришти шаардык кеңештен.
Лифттерди алмаштыруу октябрь айында башталат.
Белгилей кетсек, 2016-жылы 20 млн сомго 12 муниципалдык лифт оңдолгон.
Булак: Каганат