Стивен Сигал кайрадан Бишкекке келди

 Каганат.

Белгилүү актёр  Стивен Сигал Бишкекке келди.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

 Маалым болгондой,  Бишкекке келүүнү актёр өзү демилгелеген. Бүгүн, 15-сентябрда кечинде премьер-министр Сапар Исаковдун Стивен Сигал менен жолугушуусу пландалган.

Стивен Сигал кийинки жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү тууралуу идеяларын бөлүшмөкчү.    Бүгүн актёр менен өкмөт башчы Көчмөндөр оюндарындагы таймаш, жарыштардын жүрүшүн жана ага элдин тартылуусун күчөтүү тууралуу талкуулашат.

Белгилей кетсек, атактуу Америкалык актёр буга чейин былтыр 2016-жылы II -Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 3 =