УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВГЕ ЖООП КАЙТАРДЫ

0

Каганат.

Улуттук илимдер Академиясы Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаевге жооп берди.

“Жогорку Кеңештин депутаты айтып жаткан Конституциядагы каталардын Улуттук илимдер академиясына тиешеси жок. Кыргызстандын гимнинде ката кетирген “Академия” басмаканасы жеке ишкана болуп саналат. Улуттук илимдер академиясы Конституцияны басып чыгарган эмес жана чыгарбайт”,-деп жазылган билдирүүдө.

Эске сала кетсек, ЖКнын жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Конституциянын башындагы Кыргызстандын гимнинде ката кеткенин айтып, анда “үркүндөй бер, өсө бер” деп жазылганын билдирип, нааразы болгон болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он − 2 =

Редактордун тандоосу