Мырзайым Айтимбетова: Жалгыздык жана анын бөлмөсү

0

Каганат.

 

 

ЖАЛГЫЗДЫК ЖАНА АНЫН БӨЛМӨСҮ

Ажырап, сынып, кесилип бүттүм,

Арзыган күндөн кечигип бүттүм.

Эркеси башка түгөйлүү жанды,

Эмнеге билбейм кечирип күттүм.

Бакыттын эмес, азаптын азыр,

Байкабай барып эшигин түрттүм.

 

Каалгасы абдан эскирген экен,

Капкара көңүл…эх кирден экен.

Кагылбай анын мыктары дурус,

Кара курт баарын жеп кирген экен.

Жаңылып кирген мен ошол жерге,

Жарыктар өчүп, кеч кирген экен.

 

Айтылчуу ойдун кыйласы калып,

Алаңдап турам кыйбасым анык.

Атайын бирөө кылгандай болуп,

Азаптын баарын жыйнашып алып.

Өксүгөн мында “Сезимдер” жүрөт,

Өгөйлүү жандай ыйлашып алып.

 

“Сагыныч” көрдүм кордолуп калган,

Саамайы бираз шор болуп калган.

Үлгүрөп аны, соороткон өңдүү,

“Үмүттөр” жүрөт том болуп арман!

Кыялы жетим дербиштей болуп,

“Кызганыч” турат томсоруп калган.

 

Бөлмөнүн ичи бөлмөдөй эмес,

Бөлөктөр керип көргөндөй эмес.

“Жалгыздык” баарын чогултуп алып,

Жандуулар көңүл бөлгөндөй эмес,

Сепили урап кыйраса дагы…

“Сезимдер” бирок өлгөндөй эмес.

 

Чоочулап бираз корккондой турам,

Жылтырап көзүм чоктордой улам.

Өчөөрүн бир күн сездирип мезгил,

Өлүмгө жанды тоскондой турам.

Өмүрүм мени чайпаган кезде,

Өзүңө неге жоктолбой турам…

 

Боз туман каптап туна албай калдым,

Боздогон тоодо улардай калдым.

Суу жетпей такыр кагайып калган,

Сумсайган байкуш чынардай калдым.

“Жалгыздык” деген “Бөлмөгө” кокус,

Жаңылып кирип чыгалбай калдым.

 

Баарысын кетчи дарылап бүгүн,

Бактылуу өткөн азыраак күнүм.

Эсиме түшүп өрттөнүп жатам,

Эми ушул жерден табылат күлүм.

Караңгы бөлмө, чаң баскан жерде,

Кайдасың?! -десем жаңырат үнүм!!!

 

МЕН ЖАҢЫЛЫП…

Бир дуйнону жоготуп алдым билбей,

Бир дуйного жолугуп чон жанылып.

Болоор болбос сезимди ыр кылыпмын,

Болуп кетти кокустан чон жанылык!..

 

Оор тийди ошол кезде билем сага,

Ок тийип азыр мага жаткан сымал.

Коп болду ал жанылык бутконуно!..

Коздорумон кун нуру баткан сымал.

 

Чокпошун каалайт элен суйгонундун,

Чогуп кеткем тунгуюктун теренине,

Тушунуктуу болду окшойт айткандарым,

Тушундуруп беруунун кереги не…

 

Унутуп койсон керек биздин кунду,

Унутуп койгом сени мен да дебейм.

Кереметин сенден сезгем чын суйуунун,

Кечир дебейм, кет дебейм, келда дебейм!..

 

Бир дуйнону жоготуп алдым билбей,

Бир дуйного жолугуп чон жанылып!!!

 

Автор: Мырзайым Айтимбетова                                                                                                                                                                                         

Кошумчалай кетсек,  23-сентябрь күнү  саат 15:30да  дал ушул  жаш калемгер Мырзайым Айтимбетованын  “Баш тартпас жол” аттуу поэзиялык кечеси Муса Жангазиев атындагы куурчак театрында  өтмөкчү.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

5 × 4 =