Сынган кылыч: Жангарач бий баштаган Шабдан, Байтик баатырлардын Алымбек датканы тосуп алышы

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

I

Өз элинин бөөдө төгүлгөн канына мынчалык белчесинен баткан соң, кээ көз ирмемде жүрөгү селт этип, арты эмне болорун болжой албай көңүлү тымызын сыздап, бирок болору болгон соң бу жосунунан кайра кайта албай калды Кудаяр-хан.

Шылтоо табылса да, табылбаса да кыргыз кыпчактын ичкилик уругун кыргынга, талоонго кириптер кыла бермей анын көнүмүш адаты болду. Ага ар бир кыпчакты «бөкөчө» кылып айтып чоочутуп, «так-таажыңыздын амандыгы үчүн», «өлкөңүздүн бейпилдиги үчүн» деп шыбырап, көкүтүп салып турган ордо шумдарынын дил тереңиңде те көөнө замандан берки түрк ордолорунун көбүндө эң кубаттуу жамаат болуп келген бир чоң тайпаны өз таламын талашууга, акыры келип, түбөлүк жарамсыз кылып таштоо максаты быгып жаткан болучу. Тымызын ой тымызын эле бойдон кала бермекпи?!

 Алымбек датка, молла Алымкул бек 1858-жылы көзкөрүнөө Гүлшаага жыйын курап, жакында Бухарадан кайра келген Мала бекти «хан» деп жарыялап салышты. Дагы баягы кең Фаргананы айланта соккон ак коргон болуп турган улуу тоолордон шамал менен жарышкан азоо аттарын туйлата элеттин эр азамат уулдары дагы жазгы киргин кара селдей каптап түштү.

Кудаяр караңгы түндү чүмбөт кылып жамынып, кара башын араң куткарып Бухараны беттеп качты. Эми келер ынтымакка кан ордо? Тиртеңдеген тес кыял эмес, турмуштан кыйла кагуу жеген, нары да Бухара ордосун көргөн Мала алда канча токтоо, аяр экен.

Көрүнгөн бексингендин көзүн кызартып, көптөн бери талаш-тартыштын себеби болуп келе жаткан «аталык», «миңбашы» деген орун даражаларды өзү таажы кийген күндөн баштап эле оозго албай жойду да, иш жүзүндө хан өкүмдарлыгын ордуна койду. Өз жанына да, ордо ишине да ичкериден жана элеттен теңшеп, а вилаят акимдерин, шаар бектерин, аскер саркерлерин ишкерлигине жараша ылгап алышка далалат кылды.

Алымбекке Анжиян, Алымкулга Маргалан вилаяттарын түздөн-түз башкартып, жалпы өлкөнүн өтө маанилүү маселелерин өзү баштап, өзү бүтүргөн соң гана айтып, аларга «акылдашкан» гана өңдөнүп коёт. Мурдагы убадасынан гана тая албай ооз жүзүндө Алымбекти жаңы барганда бираз убакка Кокон шаарын башкара калганына байланыштуу «ордо башы», андан соң «датка ага» деген болуп, төргө чыгарып көңүлүн алып, а иш жүзүндө аны нак бийликтен какас тутуп, «бышкан аштын эле ортогу» гана сыяктантып алган.

Сырты сылык, ичи күптү ордо, кармаштын тымызын үрөнү күнүгө акырын өнүп жана чайлап келе жаткансыган кооптуу бир туңгук абал. Тигине, орустун майда кошундары Үч-Алматыга келип, бүткүл кыргыз казак тайпаны ээлеп алып, дагы бери карап турат ко?! «Орустун алдын тостурмакчы», «кудай берсе, Үч- Алматыдан кайра сүрүп, андан нары Ак-Мечитти бошонтуп алмакчы» болуп, Мала-хан он беш миңден ашуун кол курап берип, Ташкен беги Канаат-шаны ошол 1860- жылдын күзүндө жолго чыгарды. Кошунга баш-көз болсун деп, «датка агасынын» көңүлүн суранды.

 Керилген Сары өзөн Чүй… Түнү аяз, боз кыроо, таң эрте менен баш аягына көз жетпеген керилген өзөн күмүш чапкан сыңары көгүлтүр акчыл түрлөнүп, ар кай жери жылтырап, бирткелеп кыроо эриген сайын көздүн жашындай мөлтүлдөп тамып, сарыгып, жер нымыгын, жер бети алтындай саргаймактап, күн жылымдаган ченде көзгө илеше илешпей булаңгыр чырым көк буу көтөрүлүп, ава да мемиреп, бир түркүн кеңирсий дымып турат.

Саз, сай жээктей арасына тобу менен төө кирип кетсе табылбагандай шыкала өскөн кара камыш, миң түрлүү чөп чайлаган, калың чий те алыстан ак каймалдын чуудасындай үлпүлдөйт. Коён сереңдеп, бир тартым жалын болуп чубала кызыл кыргоол учуп, түркүн куш үн алышып, тири маглугу бейпил.

Суу бою жакасында кыштоо аз, кышкысын бети ачык жалаң жер сыдырым суук, кези менен сөөктөн өткөн карандай шамал, адам түгүл малга да катаал болуп, көбүнчө жер уун билген эл ылымта кууп, жайы салкын, кышы жылуу тоо койнуна ыктайт. Жаңы келген жат көзүнө бу кең өлкө ыңгырап бош калгандай көрүнөт да, те көк тиреген улуу тоо башы ак кар көк муз, берки булуңгур адырмак өтөгү боз чаңгыл туман өзгөгө туңгуюк сырын, эзелки дымагын, кубатын тымызын катып, өзгөчө бир сүр, айбат сездирет.

Кең Сары өзөн Чүйдүн бейпил коңур күзүн каптап келген көп кошундун дүбүртү сестентти. Канаат- ша те Оулия-Ата шаарына келгенде эле алдын-ала атайын чабарман чаптырып, бу Сары өзөн Чүй боорун мекендеген кыргыз кыпчак бийлерине казатынын максатын айтып, «эртеңки орус менен бетме-бетинде көмөк болуш үчүн элден каракелтек жыйлап, алдынан тосо чыгып, кол куушуруп туруштарын» катуу буйрук кылып, кушкат жиберген.

 Бирок, ал төмөнкү бөксө адырлардын наркы-берки беттерин кыштоологон кыргыз казак төрөлөрүнүн төрүнө чыгып, өргүп калды. А Жыламыштын көз кайкыган түзүнө атайын онеки канат жумурткадай ак өргөө көтөрүлгөн. Бир жагы бул элге тууган, бир жагы ордонун аталыгы болуп эсептелген кадырлуу да, оозунда эми, кабагында сүрү бар датка мейманды жандай турган жергилик бийлер, кидирбей кызматына жүрө турган сыйда, элпек адамдар иргелип чогулушкан.

 Өргөө жылчыксыз калы килем каланып, кийиз, шырдак төшөлүп, төрүнө аюу талпак, ошол жылдагы эрте келген күздүн ырайына жараша жылууланган. Күнүгө биртке арчадан от жагып, түңкү сыдырым аяздын тумшугу сындырылып, адамзат байырлашка ылымта кылынган. Өргөө ээси Жангарач бий байбичеси экөвү түндөсү келип түнөп, күндүзү караан көрсөтүп, ак тонун күпүйтө эшигинде басып турат.

Жер таза болсун дейт, үйлөрдүн жака-белине бейчеки мал жолоттурбайт, ат байлаттырбайт. Сөз учурган ар кандай айыңдан какас болуш үчүн бөтөн бирөөнү башбактырбайт. Мындай күтүнүш келе жаткан меймандын кадыры, эл көзүнө өз баркы эмеспи?!

Тиги жат Канаат-шага теңдешер, бул элге арачы түшөр кадыр да, күч да, ошол өз тууганы Алымбек датка экени аяр Жангарач бийдин өзүнө да, жамы журтуна да дайын. Бийик жайлоо Суусамыр, түзөңүндө али кар жок, те алыстан көргөнгө көктү төбөсүнө көтөрүп тургансыган улуу тоолору чубалган көп кошундун көзүнө чиркелише ийриле чөккөн бир өңдөш ак төөлөрдөй, жапыз, жакын көрүнөт.

Эң алдыда бөлүнө бастырган топ атчан кайгуул, андан соң туу башы, андан кийин кара жалдуу сулуу сары жоргочон кошун башы, куйрук улаш жан жигиттери, арты көрүнбөгөн көп кошун Төө-Ашуу түбүнө таянып, жүктүү ат-көлүк башбоолорун чойдуруп, илкип-калкып калды. Өйдө караганга ашуудун карлуу эки ийни ак босого болуп көрүнүп, көктү тиреп тургансыйт.

Быякка биринчи жолу келе жаткан кошун башы датка камчылуу колун серелеп, тегерете тиктеп келе жатып, ошол ак босогодо турган адам караанын көзү чалды. Узун бойлуу. Бу адамзаадабы? Чоң тебетейи ак босогого теңдеш. Же бул жер бүткөндүн жонундагы өркөчү, башындагы таажысы болгон касиеттүү улуу тоолордун сыйкырлы эгесиби? Оңдонуп көз салды, караан дагы эле былк этпейт, жанынан эч жан көрүнбөйт. Жакын келе бергенде бир кең көкүрөк, кашы чимирилген бүркүт кабак, ныл кара сакал, саргыл темгил тай сүлөөсүн бөркчөн адамзаада даана көрүндү, ал жай козголуп, алагар тик көзү саал жумшаргансып, жайкала кошун башыны тосо басты.

«А-а, каранын каны өзү го?..» деп болжоду дилинде аяр датка:

— Ас-салоому алейкум… —деп, кыраатын келтире салам айтты. Атчан жөөгө, бирөө экөөгө, басып келаткан жатканга салам айтмай кыргыз сылыктыгы.

— Ва-алейкум-а ас-салам…—деп, Байтик да кабагы жазыла алик алып, атчан менен тең боюнан саал эңиле камчылуу колун көкүрөгүнө алып алик алды.

— Келиңиз, келиңиз, датка ага… — деп, аттан колтуктан сүйөй түшүрүп алды, төш тийиштирип, кучакташып учурашып калышты…

Он эки миң ашуун кошун башында келген адигине тууганы Алымбек датканы Жангарач атайы көтөрүлгөн ак өргө эшигинен кучак жайып күтүп алды. Керней тартылып, теребел бир түркүн чуу шаңга толуп, мындайды эзели укпаган үйүрлүү жылкы үркүп, калың эл таң калып, казганаттап жарданды. Кучак жая, жан тууган салтын өтөп, төшкө төш тийгизе кучакташып көрүштү Жангарач бий, астейдил кубанып алган:

— Кел, журт агасы, кел төргө…—деди. Датка узун бойлуу, арык чырай, иреңи кара сур, кашы керилген, кишини мелтейип тик карашынан өз баасын билгени, өз дымагы сезилген, сыйда чертилген чокчо сакал- муруту эми гана бирин-серин буурул кыл аралаган, мырза сөөлөт адам экен.

Өз уруусу адигине атпай, амири астындагы бүт Анжиян багытында жашы кичүү да, жашы улуу да бирдей тегиз аны «журт агасы датка ата» дешет. Бирөөнүн жакынсынганы ага көнүмүш, жакшы сөзүнө бышы кулак. Чүчтөдөй ак сакалдуу жүзүнөн жадырап ырайым гана төгүлгөн Жангарач бийдин кучак жайганына датка бетинен түшө да койбой, бой да көтөрбөй сыпаа ийкем тутунуп көрүштү. Кең өргөө төрүнө кашкары килем үстүнө жая салынган аардуу шайы төшөккө өтүп, ийнинде жаннат ичиги желбегей, кайруусу кере карыш акчыл сур кундуз кызыл бөркүн албай, али бирдемеге ык, мамиле сездирбей, бул элдин теспенин ташындай улуулата бирден жыла кире салам айтышкан жакшыларына акырын баш ийкей алик алып, бирок баарын сыдыра тиктеп, серп салып олтурду.

Төбөсү түндүк тиреген, отурса бир улага бүт толуп, нылдай кара сакал, даңкы ага алыстан угулган баатыр Байтик сөөлөтү өзгөчө. Байтик жашы улуу өз агасы Жангарачтан, кадырлуу Жантайдан оозунбайт, күт этпей сөзгө ирет, маани берип гана былк этпейт. Бирок, кыраакы ордо адамы бу нары меймандос, нары тууганчыл аксакалдарга караганда баатырдын тымпыйышында чие түйүн турганын, акыры келип, айтылар сөз да, бүтүшөр бүтүм да ушунда экенин баамдабай коймокпу?!

Салт билги солто кадырлуу датка тууганынын урматын аны сайын көтөрүп, те Кокондун өзүнө угулсун, ичи жакшы тууганга сүйүнүч, ичи арам душманга күйүнүч болсун кылып, ырымдап, тиги эле өкүмдарлардын өзүнө кылынчу урмат белгиси акбоз бээ чалдырып, колунда эмне бар болсо ошонун баарын төгүп, жайнатып, ага кошумча астейдил жадырап кубанып, жүрөгүн ачып, өлчөмсүз ыклас менен тосту.

Көп кошун кече күнү эле келери менен кош жаюуга даткадан буйрук болору замат ар бир паңсат өзүлөрүнчө үйрүлө төмөн түзгө тарта жамырата жеңил чатырларын тигип, аттарын кашекке коюп, куурай, тезектен от жандырып, жылым оокатына кам көрүп, өргүп калышты. Жангарач бий көтөрткөн он боз үйдүн сегизине датканын өңкөй аскер саркерлери бештен бөлүнүштү. Калган эки боз үйгө элет бийлери ыркташты. Өргөө эшигине куралдуу эки күзөтчү түнү бою тик туруп, эртең менен гана башка эки күзөтчү келип, күзөт алмашты.

Үй ээсилик салтын өтөп, элет бийлери орундан таң эрте турушкан. Күзөттү көрүшүп, али тымтырс турган өргөө жакка аста серп салышып, бирок ар ким адеби менен адам эмеспи, унчукпай, акырын кыбырашып, өз конок үйлорүнүн эшигинде өзүлөрүнчө ой жоорушат.

«Йе, бирдемесин ууру алмакпы?!» дейт кай бири. Кай бири: «Тартиби ушу го…» деп, макул болуп, бирок бул саксынган тартиптин нары жагында ишенбөө жашырынып турганын купуя болжойт.

Күн чыгыш кызарып келатты. Ким ойготот? Элет бийлери бирин-бири акмалап, тымызын суроолуу тиктешип, ар бири өзүнчө тунжурап турушту. Жангарач бий акыры тамагын кыра жөтөлгөн болуп, өргөө эшигине келди да, ичкери кирмекчи болуп басты. Ынды окшойт экөөбү тең, иреңдери жылтыр кара, көздөрүнүн агы кызгылт сары тарткан үрөйү чоочун кишилер экен, күзөтчүлөр кылычтарын кайчылаштыра Жангарач бийдин алдын тосуп калышты. Бул эмнеси?! Ыя, бул эмне, өз өргөөсүнө өзүн киргизбейт?! Жангарач бий кабагын чытып, эрдин кымтып, күзөтчүнүн бирин кадала тиктеп:

— Эй, кара кул, сен немене, мени тааныбай турасыңбы? Же…—деди бушута.

—Ыя- а?.. Ичкериден шак алакан урулганы угулуп, мелтейген кара күзөтчү леп өргөөгө кирип, кайра эле дароо чыкты да, төбөсү менен тик сайылып, Жангарач бийге жол бошото таазим кылды. Эрте туруп, дааратын алып, намазын окуп, төшөккө жатпаган сыякту кечеги сөөлөтүнөн бузулбай Алымбек датка төрдө отурган. Иреңи дагы жымсалдана алагар көзү толуп, көп күндөн берки ат үстүндө келген жол азабынан биртке тыныга калган экен.

Ошол эрте мененки жеңил сый тамак убагында өргөөгө иргеленген баягы элет бийлери чогулду. Баары элтең ойлуу, баарынын кулагы түрүлүү, бир орчун кеп-кеңеш болуп кетерин тымызын туюшкан сыяктуу. Кол беришип учурашкан соң Байтик босого ченге кайра кетип, өргөө ичин те түндүктөн бир имере тиктеп, анан алдында үңкүйүп от ичкериштирип жагып отурган малайды акырын көчүккө бутунун учу менен түртүп, ал карай бергенде көзүн шилтеп, тышка чыгарып жиберди.

Керегеде кулак бар, кеп айтмак болсоң ырак бар, сырдашканың көбөйсө, эртең тышыңа жаяр ооз табылар! Мунун баарын көз жаздым кылбай байкап турган Алымбек датка Байтиктин көзү көзүнө учурай түшкөндө «туура кылдың», деп, тымызын башын ийкеп, бу дөө чалыш адамда айбат гана эмес, аяр акыл да бар экенине тен берди.

А Шабдан жылдызы жылуу, кимди да болсо имере сынай тымызын тиктей билген, өзү чакан, арык чырай, сыпаа жигит агасы экен. Өз адеби менен,өзүн көзгө түшүрүшкө эч умтулбай, кайта кымырылып, бирок бар ынтаасы азыр  ортого түшөр сөздө болуп, бир нече мертебе же таң калганы, же аңдыганы, жанагы жагымдуу жымыйган үрөйүндө датканы акмалап отурат. Түзү ийгиден түңүлбө! Датка али бир ооз сөз алышпай отуруп, бу жигитке мээри түшкөнсүп, ичи жылып, серп салып койду.

Жангарач бу бейбапа дүйнөнүн улагасы менен төрүнө, башталышы менен акырына өз ою, өз кайгысы бар, эгер ошонун айтканы менен оңолсо, ошонун колунан келгени менен бүтсө ал каралай көз калың журттун кабак түрүнө, мүдөөсүнө гана, журттун жалпы пайдасына гана жүрүү жагын көздөп, эми минтип сакалы куудай болгон чагында бир элге чоңсунуу эмес, бир кишиге акарат кылуу эмес, жыланга кол көтөрбөй турган санаага келген, арык чырай, куш мурун, кабак үйрүп тиктеген тик көз, бирок бекер сөз оозунан чыкпаган, элге алынып, «укурук моюн, узун акыл» атанганы бий көр дүйнөгө да, бийликке да токмейде болгон адам.

Булар эки бир туугандын балдары, илгертен аталаштардын ичинде бийлик тизгини кыйынына берилген эмеспи, Канай бийден соң солтону башкаруу Эшботонун аяр уулу Жангарачка өткөн, кийин бала кезинен эле торпок жарыштырып «канайлап» ураан чакырып, жетилген курагында күлүк таптатып чаап, жигит курап барымтачылардын алдын тайманбай торогон баатыр, бир жагынан жөн билги Байтикке укурук моюн, узун акыл ак көңүлүнөн алакан жайып бата берип, айтамгалуу көп солтонун бийлигин өзү тапшырып койгон.

Ошол отуз жаш чамасындагы Байтик «бий» делинбей, «бий» наамы авасында эле калып, өзү жетинген «баатыр» сөөлөтүндө журт башкарып, эл оозунда кала берген. Тула бою шыңга, дайыма каары, катуулугу түктөйүп үрөйүнөн көрүнүп жүргөн баатыр кыргыз кыпчактын оңу менен солунан «дил билги», «дин билги» «сын билги» деген жумуру башынан жанына имерип, ар бирине алейне иш-милдет берип, адилет эсеп- кысап алып, өзү бир гана уруунун билерманы болсо да, жалпы кыргыз кыпчактын дөөлөтмандарына мисал кыларлык калыс бийлик үлгүсүн жүзөгө ашырып, «каранын каны» атанып даңкы алыска угулган.

Ошон үчүн Байтик «үйүрүнөн тай качырбас боз айгыр», солто «болгон солто», «ток пейил солто», «ичи кең солто» делинет, ошон үчүн коңшулаш уруулар булардын ыгына чоочунбай имерилип турушат. «Бий» атагы гана калган укурук моюн узун акыл Жангарач бул инисинин доорунда эл аксакалы, ой башы, той башы.

Жангарач бий астелеп кыргыз кыпчактын оңу, солу, эзелтен боло келген биримдиги, жана да башка тайпа журт менен кылган алакасы, тамыр-сөөк байланышы жайында жылдырып кеп тегин алыстан, тооруп баштап отурду. Ким билет ичине кирип чыкпаган соң?! Не дейт, датка эгизиңдин түгөйү болгон күндө да, өзү ордонун экисинин бири, анан төргө отургузуп алып, жаакка тарткандай кылып, көзүнө ордосун жамандап кирсең чоочуп чыргыйттап кетиши ыктымал эмеспи?!

Сөзмөр бий деги атайын эмес сөз арасында эле кыстаргансып, а түгүл бир буун жакын тууган ынтымаксыз бийлерине каймана кылып отургансып, жылымдап кеп салып отурду. Тиги эки жагына тең ташталган куш жаздыкка чыканактабай, тизе бүккөндөн бери мандаш бузбай, туурдагы куштан бетер чукчуюп, эрдин бек кымтыган бойдон дит коюп, ээгин саал көтөрө ормоюп тиктеп, Алымбек датка бир да жолу сөзүн бузбады, же кубаттоо, же жаратпоо сездирбей бир кунунда мелтейип, сөз акырын күткөнсүп тиш ачпады.

«Э-э, бу да соо болбой калган экен го ордосунун шум ооруусунан?! Сөз, же сөзгө болгон бир пейил карматкысы жок турбайбы мунун да?!» деп, баамчыл Жангарач бий астейдил таң калды. «И-и, бул өйдөсүнгөнү эмеспи?!» деп, тууганына өктө да ойлоп, таарынып, акырында чочулап, сөз маанисинен чалыштап, андан нары көңүл түпкүрүнөн жатыркоо сезим ойгонгойсуйт. Фарси үйүтүн тутунган, деги шайыдай үлбүрөй шарият жобосунан сөөм жылбай турган окшогон ордо адамдарына эч качан аралашпаган. Бүгүн бир табактан даам сызып, мээрлешип сүйлөшүп, а эртеси турмуш өзүнө карама-каршы койсо бирин- бири жымыя отуруп желдеттин алдына салып бере беришкен мүнөзүн алыстан уккан.

«Пай-пай, жаман ниетин кантип жашырып отура алышат а?! Кечеги эле жанаша жүргөн үрөйү жакшы бурадарын кантип кара көзүн жалдыратып жайнатып туруп, өлүмгө кыйышат а?!» деп, астейдил эти үрккөн адам. Бу коңшулаш кыргыз казак төрөлөрүнүн аңкылдашып айтышкан ачык кармашы, бирин- бири таамай сөзгө, доого жыгышканы, кези келсе ачык эле көк союлга кирип карсылдата сабашып алып тынганы — дегиси элет адамынын байыркы кезден касы менен да, досу менен да тике бетме-бет келген эр көкүрөк жосуну бийдин дилинде жогору.

Жангарач бий ошол таптагы датканын ордодогу акыбалынан кабардар болчу. Мала- хан муну «датка ага» дейт. Бирок, кийинки айларда «датка агасын» баягы «улук увазир» деген куру шардан наамы менен коюп, ордонун ойлугунан тышкары калтырып, бирок ачык ажырымга барышка батынбай жүрөт. Алымбек датка качан болсо шилтеген жагын жарып түшө турган жалаң өз кыргыз кыпчагынан тандамал жан күйөр кошунун жигин бузбай багып келе жатат.

Хан ар бирине казынадан алейне пул төлөп, ордо аскерин бөтөн элден көбөйтүп, мерчемдүү шаарларга ошондой эле кара башына дүнүйө гана термелеп жүргөн бөтөн адамдардан бек коё баштады.

Ушул эле перс Канаат-ша — Ташкен беги, теги арап Шатман кожо — Түркстан беги, бадахшан калчасы Рахматулла — мына Бишкек беги. Мунун баары ордого тең ата кишилердин таасирин, беделин пастатуу. «Мейли, куйтуңдап көрсүн! Тыякта ордо үч араан, быякта орус элди күндө колдон талашып турган чакта бу куйтуңдашы өз башын жейт. Кана, ар кимисин бир кучактап, үч жаатты дагы мен ийгерип берем, оруска ыктап калган бул элди баш атташпас туугандыгымды ортого көлдөлөң коюп, дагы мен кайра кошом. Ыя, а мен бөлүнсөм мени ага ким ийгерип, ким кайра кошуп бере алмакчы?!» дейт дымактуу Алымбек датка, азирет ханын көз көрүнөө тоотпойт.

Жангарач бий үн көтөрбөй, кыжырланбай, демикпей, жайма-жай маани тереңдетти:

— Те илгери Каркыра ашып, Тектестин калмагы үч каптады — анда калка болгон жок ордобуз. Кийин орус менен кагышып, аргасы түгөнгөн соң «кыргыз кыпчакты элкин тоодон сүрүп, жер бошотуп алам» деп, Кененсары бир каптады — мында көмөк болгон жок ордобуз. Э-э, кечеги ишти айталы, не таршыганыбыз, не кедерибизге кеткенибиз, иши кылып, өз ичибизден иригенибизде Кылжырдын эки баласын кой- койлоп арага түшө албады ыйык ордобуз…

Алымбек датка эрдин бек кымтыган бойдон, алагар көзү чоң ачыла элтейип, башын акырын ийкеп, унчукпай тыңдап отурду. «Ушуну айтышмак! Баары ырас. Ишенип, мени туугансып айтып отурушат…» деп, айтылган өктө акыйкатына да тен берип, өзү да көңүлү жибип отурду. Билермандардын бири:

—Э-э, не жоругун айтып түгөтөсүң, бий? — деп, коштоп сөз кошту.

— Эми келип, өзүлөрүнөн башканын баарын айбансынтып, «кошун жыйна, дин мусулман жерин тазалайбыз каапырдан» деп, дагы журтчулук парызыбызга такап турганын кантесиз?! Жангарач бий:

— Мына бу Канаат-ша кызылбашын Ташкенге бек койгонунан бери кысымы дагы күчөйүп барат. Ушу биз тараптагы чептердин бардыгы Канаат-шанын амирине карап калган дейт, азирет хан буга айрыкча эрк берип койгон дейт. Бирөө менен жарашам десе жарашат экен, бирөө менен урушам десе урушат экен. Быякка чыгарында ушу отурган бийлердин баарына атайын кушкат жибериптир, «кошун жыйгыла, ыйык казатка чыккыла» дептир.

Бул датканын баасы, ордодогу салмагы жөнүндө кеп болгондо бүт Анжиян журту оозун караганы баарыга дайын, бу кут жактагы тоолук кыргыз кыпчак дайыма эстелип, булардын деми датканын пайдасына эсептелип жүргөн. Бирок, Алымбек датка өз вилаятында  талаш-тартышка көп элек болуп, нары да жер обочо болгон соң булардын тирилигине аралаша албай, сыртынан өзү да бел тутканы менен, оңдуу сырдана эмес болучу. Өз колу менен таажы кийгизген селсаяк Мала жерий баштаган чакта жалпы кыргыз кыпчактын биримдиги ал үчүн зарыл болуп турган. Эгер Канаат-ша чын эле орусту Ак-Мечит жеринен сүрүп кайтчу болсо ордо көзүнө да, журт көзүнө да Мала- хандын аброю асманга чыкмак. Муну Алымбек датка да жаздым кетирмекпи?!

Ал дагы «каапыр менен кармашуу» дегенди бетине тута Мала- хан менен жооптошуп, өз кошунун баштап, жолдон Куртка, Кетмен-Төбө чептериндеги сыпайларды кошо алып, кыргыз кыпчакка карата болгон арам ойго атайы бөгөт болом деген жашырын эрегиш менен келген. Мына ушундай күн ашкан сайын абал оорлошуп, күн ашкан сайын жалган көшөгөнү сыйрый тике маңдай өлөрчө кармашуу жакындашып калган мезгилде булардын ордого болгон ачык кинээси Алымбек датканын көңүлүнө жакты.

Ордонун бейбаштарынан коруп ала турган болсо бул эл ага ар кандай заман селинде ноюбаган кубат, майышпаган бел болуп берерине бекем ишенди.

— Жо, кадырыңар жам болсун, бийлер, эми жалгыз аяк Канаат-ша эмес, ханыбыздын өзүнө да тепсете койбоспуз… — деп кыйытты Алымбек датка. «Ыракмат!» «Тууган деген ушул эмеспи?!» «Бир кудай өмүрүңүздү узак кылсын!» Бийлер дуулдап кетишти.

— Түзүк, тепсетпейбиз дегениңиз түзүк, — деди Байтик, — бирок, «хан» деп көтөрүлгөн соң хандын өкүмү жүрөт, ошон үчүн ханга акыл да, ал да жете турган болгон соң, бирөөнү «хан» деп, аны ичиңде сыйлабасаң да, «азирет» деп, кол куушуруп, жалган эле жылмаңдап отурушубуздун, датка, не кажаты бар? Баары мостоюп, мелтиреп отуруп, сөз акырын күтүштү.

— Кажаты жок, — деди өзү Байтик, — өзүбүздөн хан, өзүбүздөн азирет кылсак болбойбу? Куп болот! А ордо эгеси өзүн болсон гана тепсетпейсиң, өзүң болбогон соң «тепсетпейбиз» деген куру кайрат, куру дем бойдон кала берет. Баары кут этишпей, бул сөзгө бир ооз экени сезилип, бийлер мелтиреп калышты. Алымбек датка алдыртан сыдырып тиктеп, бул астейдил ой-санаа экенин туюнду. Бирок, оозуна сөз кирбей, тиги ордодогу экөбүнүн бири айгак болгон шарты сак кылган адам көңүлү балкылдап кеткенин сыртына чыгара албай иреңи гана тамылжып, бир эси чыккандай элейип, отуруп калды.

— Нүзүп бий не тапкан?! Мусулманкул миңбашы не болгон?! Өзүнөн хан көтөрүлмөйүнчө кыргыз кыпчактын көрөр күнү ошол. Ар кимиси ар жерде ар кимге таламай болуп кала берет. Мына ушуну ойлонуш ылазым, датка. Болбосо, биздин эл кечет бу жаман төөнүн жабуундай боло албаган ордодон! — деди Жангарач бий томсоруп.

Кечип кайда барышат?! «Орустун карамагына өтүп кетебиз» деген маани туюп, Алымбек датка чоочуп калды.

— Э-э, кечип кайда бармакпыз?! — деп, жаяптай кеп урду Алымбек датка.

— Битке өчөшүп, жалгыз тонубузду отко салганыбыз туура боло койбос. А көрө, жети өлчөп бир кес дегендей, башка бир аргасын издеген ылазым го, Жаке. Өз өздөй сырдашуу уланды. Бу кыргыз кыпчак журту те байыртан эки канат болуп биригип келген. «Оң», «сол» делинет. Оң — адигине, тагай, моңгуш, отуз уул; сол — кушчу, мундуз, саруу, басыз, кутай, он уул ичкилик. Мындай «оң», «сол» болуп кайра биригиш бул элге өзүнүн алыскы теги оңгар менен соңгар эрежесинен кала келе жаткан салт. Оң — оң, сол — сол, кар — кары, кол. Тышкаргы журтка оңгар — гунн же хунгар, сонгар — зюнгар же жунгар делинип тараган.

Теги бир уруулар бир заманда кыргыз, бир заманда моңол, бир заманда түрк, бир заманда токсон боолуу сарт кыпчак курамына кирип, андан соңгу кылым арасында кыргыз кыпчак, өзүбек, кыргыз казак болуп бутактаган. Кийин кокон ордосу куралган кезде кут жагы Арал, күн чыгыш жагы Кашкар, күн жүрүш жагы Бадахшан аймагындагы отурук кылган өзүбек, тоо таяна жашаган кыргыз кыпчак, чөл талаа жакалаган кыргыз казак баш койгон. Бирок, ордо өкүмдарлары ар дайым ошол кол алдына бириккен үч тайпа журттан эмес, «ата мурасы» эске алынып, бул эски жобо шарият эрежесине да ылайыкталып, качанкы бир кезде жок болуп кеткен «хан тукумунан» табылып, көтөрүлгөн.

Эң оболу бир тайпанын күчү менен көтөрүлгөн хан ошол тайпанын гана мүдөөсүн көздөп отура албаган, үч жакка чойгон үч жааттын ортосунда аргасыз жылмаңдаган күн карамага айланып, же бул үч тайпа журтка бирдей кам көрүш, үчөөнү кайра ыкташтырар акыл, калыс саясат, баарына тең бир улуттук ыйык максат көздөбөй, кайра тымызын тукурмай, бирине бирин кагыштырмай, алсыратмай, ошону менен өзүнүн амандыгын сактаган оңой, бирок макирөө жолго өтө беришкен. Үч тайпага тең түшүнүксүз фарсиче иш кагаз жүргүзүп, колунан келгени фарсиче казал да жазып, ордосунда өзү башкарган журтка бөтөн маданият тутунушкан. Тагдыр чечүү, бүтүм бүтүрүү кездеринде үч тайпанын тең байыркыдан келген салтын, адатын эске албай, ага атайын негиздебей, атайын ислам шарияты боюнча эреже карманып, дайыма эле ислам эрежеси да туруктуу болунбай, көп учурда салттан да, шарияттан да тышкары өз башына кандай пикир келе калса ошондой ойлук кыла беришкен.

Демек, Кокон ордосу кол алдындагы үч тайпа журттун биринин да улуттук мүдөөсүн, өнүгүүсүн көздөбөгөн өзгөчө бир бөтөн сымак акимчилик, мамлекет катары эскирген, тарки кеткен байыркы амир Темир улусунун кеткетинен бытыраган майда, ырксыз, алсыз акыркы көйүндө калган сары журт болгон.

уландысы бар.

Чыгарманын башын бул жерден окуй аласыздар 

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

6 + беш =