8 айда 45,7 млрд сомдон ашык салык чогулду

0

Каганат.

2017-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 45 млрд 783,3 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду.

Белгиленген план 100,1%га аткарылып, 52,4 млн сомго ашыгы менен аткарылган.Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 3 млрд 690,5 млн сомго же 8,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо (ал боюнча 2016-жылы бошотуулар берилген) келип түшүү 5 млрд 628,4 млн сомго же 15 пайызга көбөйгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × бир =