Бабанов: “Мен да намаз окуйм, бирок жаныма камера алып жүрбөйм”

0

Каганат.

Өзгөн эли менен болгон жолугушуу учурунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековду болушунча жамандап, ал эл көзүнө жарнама кылып намаз окуп жатканын айтты.

“Бабанов келсе мечит жабылат деп жатышат. Эч бир мечит жабылбайт. Ал (Сооронбай Жээнбеков – ред.) ыймандуу адам экен деп атышат. Мен да намаз окуйм бирок жаныма камера жетелеп жүрбөйм. Аянтта алдыңкы катарда туруп намаз окубайм. Ыймандуулук адамдын жүрөгүндө болушу керек”,-деди ал.

Ошондой эле Бабанов акты ак, караны кара дегенге убакыт келгенин кошумчалады.

“Кудай буюрса шайлангандан кийин ар бир айыл өкмөттө коомдук өкүлүм болот. Мен акимдер даярдаган тамакты ичип алып учуп кетпейм, мен өкүлдөрүмөн элдин жашоо-шартын сурайм”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

беш × 5 =