Бакыт Бешимов: “Кыргызстанда мураскорлук даярдоо – бул өзүн-өзү саясий өлүмгө гана даярдоо”

Каганат.

Аты-жөнү:  Бешимов Бактыбек Жолчубекович

Туулган жылы:  1954-жыл, 13-сентябрь

Жашы: 63

Кыргызстандагы акыркы кызматы: Жогорку Кеңештин депутаты

Азыркы иштеген жери:  АКШдагы атактуу Массачусетс Технологиялык институтунда жана Саффолк университетинде окутуучу

Туулган жери:    Кыргызстан

Облусу: Ош

Району: Алай

Туулган айылы: Гүлчө

Улуту:  Кыргыз

Уруусу:    Басыз

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Хоббиси:  Көчмөн элдердин аскердик чеберчилиги, китеп окуу, кино көрүү, тоого чыгуу

Жактырган спорту: футбол, бокс

Билген тилдери: Кыргыз, орус, түрк, өзбек, англис

Жетишкендиктери: -Тарых илимдеринин кандидаты

                                              -Профессор

Жашоодогу урааны: “Өзүңө эмнени кааласаң, өзгөгө дагы ошону каала”

Идеал туткан саясатчысы: У.Черчилль, М.Ганди

Динге болгон көз карашы: Кудай бар, ал ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт. Анын эрки менен гармонияда жашагым келет.

Үй-бүлөсү: үй бүлөлүү. Жубайы Мендикуловуа Фатима 1958-жылы туулган,  уулу Эрдин 1980-жылы туулган, кичүү уулу Ильяз 1958-жылы туулган. Эки уулу тең Гарвард университетин аякташкан.

Атасы – Бешимов Жолчубек, апасы – Козуева Адалат. Бакыт Бешимов кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Үч биртуугандын улуусу. Бул тууралуу “Апам мени 5-курста Алайга практикага барганында төрөгөн экен. Төрөлөөрүм менен эле мени таенем багып алыптыр.» деп эскергени бар.

ОРТО БИЛИМИ:  

-Ош шаарындагы Ломоносов атындагы орто мектеби

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

-1977-жыл – Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультети

-1981-жыл – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин аспирантурасы

АСКЕРДИК КЫЗМАТЫ:

Маалымат жок

ЭМГЕК ЖОЛУ

1980 — 1987-жылдары

Иштеген жери: Кыргыз мамлекеттик университети

Кызматы: Мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, доцент

1987— 1990-жылдары

Иштеген жери: Билим берүү министрлиги

Кызматы:  Коомдук-саясий илим бөлүмүнүн башчысы

1991 — 1992-жылдар

Иштеген жери: Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясы

Кызматы: Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы

1992 — 1998-жылдар

Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети

Кызматы: Ректор

1995 — 1998-жылдар

Иштеген жери: ПРООН

Кызматы: “Лайф” (шаардын айлана-чөйрөсүн коргоо) программасынын улуттук координатору

1998 — 1999-жылдар

Иштеген жери: БУУ

Кызматы: Фергана аймагын өнүктүрүү улуттук программасынын менеджери

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

1994 — 1994 -жылдары

Иштеген жери: Ага-Хан фонду

Кызматы: Эл аралык билим берүү комиссиясынын мүчөсү

1995 — 1997-жылдары

Иштеген жери: Туркия, Стамбул шаары, “Ипек йоли” эл аралык журналы

Кызматы: Өкүл

1996 — 1998-жылдары

Иштеген жери: Индия, Нью-Дели шаары, “Гималайские и центральноазиатские учения” журналы

Кызматы: Редакциялык кеңештин мүчөсү

1998 — 2000-жылдары

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат

20002005-жылдары

Иштеген жери: Өкмөт

Кызматы: Кыргызстандын Индиядагы, Непалдагы, Шри-Ланкадагы, Бангалдештеги элчиси

2007 — 2009-жылдары

Иштеген жери: Жогорку Кеңеш

Кызматы: Депутат, КСДП фракциясынын лидери

2009-жыл

Кызматы: Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевдин штабынын жетекчиси

Америкага сапар тарттырган аргасыздык 

Билимге сугарылып, кыргыз үчүн күйүп-бышып, чет жактан алган мол тажрыйбасы менен элине ак кызмат кылууну көксөп, бийликтин былыктарына көз жумуп отура албаган Бакыт Бешимов 2009-жылы 23-июлда болгон президенттик шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Себеби депутат болуп турганда ошол кездеги кландык режимге ачык эле каршы чыгып,  Жогорку Кеңештин трибунасынан бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, бийликти ачык эле сындап келген.

АКШга чыгып кеткени тууралуу ал кыргыз басылмаларынын бирине берген маегинде мындай деген: “ 25-августта, шайлоодон бир ай өткөндө, менин өмүрүмө ачык эле кол салышканда кеткенге мажбур болгонумду. Эл билет, эки жолу К.Бакиевди Конституциялык Сотко бергенимди, Ж.Бакиев башкарган СГО жана наркотрафик жөнүндө депутаттык иликтөө жүргүзгөнүмдү. 2009-жылкы атайын жазылган «Клан убийц» деген макаламда, Жогорку Кеңешке расмий кайрылуумда бул жөнүндө так айтылган”.

Мекенине кайтууга Атамбаев бийлиги тоскоолбу?

Бакыт Бешимов азыркы бийликтин тушунда мекенине кайта албайт деген узун сабак “уламыштардын” ээлерин өз абийирине койгондугун, ал Отунбаевадан башка эч ким менен байланышпаганын айткан.

-Жакында уктум, Атамбаев барда келе албайт деп жүрүптүр кээ бир саясатчылар. Ыплас ушактарды чыгарган адамдардын абийирине койдум. Кеткенден кийин Роза Отунбаевага үч-төрт кат жаздым, башка эч кимге кайрылган жокмун.

 

Ишемби, жекшемби күндөрү иштегенди жаман көргөнү менен, жубайына жардам берүүнү намыс көрбөйт

Ишемби жана жекшемби күндөрү иштегенди өтө жаман көрөрүн айткан Бакыт мырза кол алдымдагыларды да бул күндөрү иште деп кыйначу эмес экен. Ошондой эле ал жубайы менен сүйлөшкөн абдан жагарын мындайча баяндайт: “Экөөбүз кобурашып салат, тамак жасай беребиз. Аны намыс көрбөйм”.

Бешимовдун элдин эсинде калган сөздөрү:

-Биз түшүнүп жатабыз, бийликтин аты өзгөргөнү менен заты өзгөргөн жок. Бирок жалпы системаны өзгөртүү зарыл. Ушул тапта бийлик системасы эски боюнча эле калды. Кыргызстанда уурулардын бийлиги түзүлүп калган. Азыр деле Кыргызстандын байлыгы тонолуп жатат.

-Орусия президенти Владимир Путинден ашыкча Орусияга күйүүнүн кажети жок. Улуу орус эли өзү турбайбы. Алар биздин жардамыбызга эч качан муктаж эмес! 

-Коопсуздук, элдин биримдиги жана Кыргызстандын жалпы тартиби үчүн, президент гарант катары эспетелет.

-Педагогдорго таң калам, алар бала үчүн, улуттун келечеги үчүн жүрөгү ооруш керек. Азыр көпчүлүк мектептерде негизги сабактардан мугалимдер жетишпейт. Дене тарбиясынан, кол эмгектен берген мугалим физика сабагын берип жатат. Мындай болбойт. Жаштардын билим деңгээли өтө чектелүү, бул улут чоң коркунуч алдында турат дегендик. Бизде жылдан жылга сабатсыз муундар көбөйүп баратат.

-Эгерде ушундай жол менен кете берсек беш жылдан кийин жалпы биздин мамлекеттик системабыз урай баштайт. Себеби диплому бар, бирок билими жок жаштар келет. Советтер союзунда билим алып, тарбияланган муун кетип, анын ордун билимсиз жаштар ээлеп, мамлекеттин деңгээли төмөндөй баштайт.

-Америкада жүргөнүм менен жумушум жана ойлорум мурдагыдай эле мекеним Кыргызстан менен байланышкан.

-Мурдагы президенттер куулушканы менен, алардын идеологиясы күчүндө. Кадрлары отурушат. Карагыла, бийликте баягы эле адамдар. Тышкы көрүнүшү, сөздөрү өзгөргөнү менен, адаттары эски. Булар рак оорудай мамлекетти ичинен жеп жатышат. Ошондуктан өлкөбүз улам алсырап баратат.

– Учурдан пайдаланып, элдин каны төгүлүп жатканда, бийликтегилердин бир тобу байлык топтоду. Аны ким жасаганын бардыгы билет. Эмне үчүн бул болду? Анткени саясий чөйрөнүн мүнөзү, пейил-ниети, аң-сезими өзгөргөн жок. Байлык-бийликтин кумарына ууланган, ыдыраган, жырткыч, чала сабаттуу чөйрө боюнча эле турат. Ошондуктан 7- апрелден кийинки – уурдаба, жалган сүйлөп элди алдаба, туугандарыңды көтөрбө, деген үмүт ишке баары бир ашпайт.

-Идея үчүн күрөшкөндөр бийликте аз. Кыргыздын саясий чөйрөсү эки партияга эле бөлүнөт: «Кыргызстан биз үчүн» дешкен олигархтар башкарган жырткычтардын партиясы жана «Биз Кыргызстан үчүн» дешкен идеалисттердин партиясы. Басымдуу көпчүлүгү мурдагы эле жырткычтар. Андан тышкары, булар бийликке келишкенде аябай көп кан төгүлдү – көп элди өтө нааразы кылды. Кыйылган өмүрлөр, төгүлгөн кан бийликтеги кылмышкерлерди жөн койбойт.

-Азыр эки божомол жасаса болот. Биринчиси, кыргыз коомчулугу кыйналып, акыры өлкөнү туура жол менен алпара турган жаңы күчтү чыгарат. Экинчиси, эски күчтөр кетпей, жаш мамлекеттин белин сындырат.

Бакыт Бешимов белгилүү журналист Алишер Токсонбаевге берген маегинде ал Кыргызстанга алыстан бекем баам салып 5 өзгөчөлүктү байкагандыгын айткан.

-Мен Ата Журтумдагы көрүнүштөргө алыстан бекем баам салып олтуруп, буларды өзгөчө байкадым. 

Биринчиден, 2010-жылдагы убактылуу өкмөт жана азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги өлкөбүздү стабилдештирчү күч болууга таптакыр жараган жок. Тескерисинче, азыркы мансаптагылар Кыргызстандагы башаламандыктын гана чыныгы очогуна айланды. 

Экинчиден, өткөн парламенттик шайлоолор өлкөнү туруктуу нукка түшүрүүнүн ордуна, тескерисинче, мамлекеттеги саясий-коомдук  чыңалууну ого бетер күчөттү.

 Үүнчүдөн, ушул таптагы Кыргызстандагы саясий элита башын бир кызыкчылыкка бириктирип, дагыле өнүгүү жолуна түшө элек. Сырт жактардан чыдамсыздык менен көмөк күтүп, мындайча айтканда, тилемчилик кылып жансактап калдык. 

Төртүнчүдөн, аймактык бөлүнүү, кландардын атаандаштыгы жана тиреши мурдагыдан дагы ого бетер күчөдү. Ошентип, борбор, мындайча айтканда, Бишкек адепки дараметинен ажырап, ар кандай шайлоолор түндүк-түштүк ажырымын ого бетер тереңдетип, мамлекеттин бүтүндүгүнө ушул тапта абдан чоң коркунуч туудуруп жаткан чагы. 

Бешинчиден, электорат дагы өз ара келишкис топторго бөлүнүп, мунун кесепетинен өтө манилүү маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгүнөн толук ажырап олтурат.

Ошентип, учурда Кыргызстанда анархия толук бойдон өкүм сүрүп жаткан чагы. Көп улуттуу элибиздин башын бириктирген идиректүү идеология жана улуттук чыныгы лидер жок! Тилекке каршы, азырынча саясатчыларыбызда тактык жана партриоттуулук түгүл мунун бүдүрү дагы жок!

Ошондой эле дасыккан саясатчы 2005-жылдагы март жана 2010-жылкы апрель окуяларын ыңкылап катары эсептебесин да жашырган эмес.

— Ооба. 2005-жылы март жана 2010-жылдагы апрель окуяларын мен ыңкылап катары эсептебеймин. Анткени, элита толук бойдон алмашкан жана  жаңыланган жок! А социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр туурасында айтпай эле коеюн. Аскар Акаев түндүк-түштүк кландарынын жана партиялык номенклатура топторунун кармашынын амири менен президенттикке шайланды. А экинчи президент Курманбек Бакиев түштүк жергесинен экендигине байланыштуу жана ыңкылапка катыша коюп гана ажолукка шайланып калды.

Ошентип, өлкөдөгү бардык оош-кыйышты качкан президенттерге жана кулаган өкмөттөргө гана төңкөрүүнү куп үйрөндүк. Бирок, чындыкты бирибиз дагы моюндай элекпиз.! Ал – таза эмес шайлоолор.

Буга ириде коомчулук өзү түздөн-түз айыптууу. Демек, кыргыз коомчулугу өзү коррупциянын накта жерпайын түптөп олтурат. Аң-сезимибиз өзгөрүп, жан дүйнөбүздө руханий ыңкылап болмоюнча, Кыргызстандагы акыбал дагыле оңолбойт!

Ал эми Кыргызстанды кризистен алып чыгууга жарайт деп төмөндөгү сапаттарга ээ адамдарды эсептерин айткан.

– Түбөлүк идеялардан, байыркы улуттук баалуулуктардан жана азыркы алдыңкы дүйнөлүк идеялардан жуурулуштуруп жалпы эл ээрчий турган идеология ойлоп чыккандар гана Кыргызстанды кризистен бат бошотот. Ошондуктан, ушул тапта калкты артка түтпөстөн, алдыга гана үндөгөн жана баштаган жолбашчыга муктажбыз!

Ал эми журналисттин азыркы патриот улутчулдар буга жарабайбы? –деген суроосуна;

– Экөөнүн айырмасы жер менен асмандай. Улутту сүйгөн улутчулдар жана кор улутчулдар бар. Ошондуктан, булардын айырмасын билип алуубуз кажет. Кор патриоттук жана опурталдуу улутчулдук элибизди эски доорго жана жалаң гана согушка түртөт-деп жооп берген Бешимов.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + он =