ЖАБЫК ИМАРАТТАГЫ V АЗИЯ ОЮНДАРЫ: Кыргызстандан алгачкы медалды Ариет Бекишов алды

0

Каганат.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-сентябрда Түркмөнстандын борборунда Уруш искусстволору боюнча жабык имараттарда өтүүчү V Азия оюндары башталды.

Анда жиу-житсу боюнча кыргыз спортчусу Ариет Бекишов Кыргызстандын куржунуна алгачкы медалды салды. Бул тууралуу мелдештердин расмий сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, 62 килограмм салмактагы кыргыз спортчусу Таиланддык спортчу  Нантапонг Вонгкунду жеңип, Афганистандан келген Хусейн Бакше Сафариден жеңилип калган.

Натыйжада Ариет Бекишов коло медалга ээ болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 9 =