Азия оюндары-2017: Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Таити командасын  жеңди

0

Каганат.

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Азия оюндарында Таити командасын  жеңип алды.

Экинчи турдун алкагындагы оюн бүгүн Ашхабадда өттү.

 Оюн 4:2 эсебинде жыйынтыкталды. Голдорду өз наамына Арстанбек Турсунов, Абдрасул уулу Манас, Актай Таштанов жана Дамир Исаков жаздырышты.

 Белгилей кетсек, биринчи беттеште кыргызстандык футзалчылар Иорданияга жеңилишкен.

Эми 21-сентябрда  биздикилер акыркы жолугушууну ирандыктарга каршы  чыгышат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × 4 =