“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга кызыккан инвесторлор пайда болду

0

Каганат.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга кызыккан инвесторлор пайда болду. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенден кийин аталган ГЭСти куруу маселеси боюнча бир топ жылыштар болгон.

“Ири компаниялар станцияны курууга кызыкдар экенин билдиришти. Өзбекстан дагы инвесторлордун катарын толуктамакчы”,-деди Зилалиев.

Ошондой эле ал долбоорду колго алууга даяр болгон бир компания бар экенин айтып, бирок анын атын атоодон баш тартты.

Учурда Улуттук энергохолдинг бул маселе боюнча иш алпарып жатканы белгилүү болду.

Эске сала кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда Кыргызстан менен биргеликте “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга даяр экенин билдирген болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 − алты =