Мезгил сынаган чындык- Жумгалбек Аманбаев

Каганат.

Аты-жөнү:  Аманбаев Жумгалбек Бексултанович

Туулган жылы:  1945-жыл, 2-ноябрь

Туулган жери:    Кыргызстан

Облусу: Нарын

Району: Жумгал

Туулган айылы: Чаек

Улуту:  Кыргыз

Уруусу:    Саяк

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү

Жактырган спорту: волейбол, күрөш.

Спорттогу жетишкендиктери:  “СССР спортунун чебери” ардак наамынын ээси. Эркин күрөш боюнча спорттун чебери. “Буревестник” спорт коомунун биринчилигине катышып, эки жолу мөрөй алып, байгелүү келген. Студенттер, жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону. Күрөш сырларын үйрөткөн устаты Эшим Кутманалиев болгон.

Билген тилдери: Кыргыз, орус

Сыйлыктары: Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Идеал туткан саясатчысы: Наполеон Бонапарт

Динге болгон көз карашы: мусулман

Адабиятка болгон көз карашы: тарыхый романдар

Кыргызстандын келечеги тууралуу: Өнүккөн өлкө болуу үчүн бардык шарттар бар

Үй-бүлөсү: Жубайы Айнура Шейшеевна 1946-жылы туулган,  кызы Жанара 1967-жылы, кызы Асель 1971-жылы, уулу Нурлан 1980-жылы туулган.

Атасы – Аманбаев Бексултан, апасы – Аманбаева Зейне.

ЖОГОРКУ БИЛИМИ:

-1961 – жыл – К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институту, зоотехник адистиги

– 1967—1970-жыл –  Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунун аспиранты

Жумгалбек Аманбаев бир жылда эки классты окуп бүтүрүп, 15 жашында студент болсо, 19 жашында Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун аяктап, 24 жашында биология илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон.

АСКЕРДИК КЫЗМАТЫ:

Маалымат жок

ЭМГЕК ЖОЛУ

1966-жыл

Иштеген жери: Тянь-Шань мал чарба тажрыйба чарбасы

Кызматы: Зоотехник

1970-жыл

Иштеген жери: Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институту

Кызматы:  Улук илимий кызматкер

1971— 1973-жылдары

Иштеген жери: Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясы

Кызматы:  Директор

1971— 1973-жылдары

Иштеген жери: Ош облустук мамлекеттик асыл тукум станциясы

Кызматы:  Директор

САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

1973 — 1974 -жылдары

Иштеген жери: Кыргызстан КПнын Ош облустук комитети

Кызматы: Айыл чарба бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчы

1978-жыл

Иштеген жери: Алай райондук партия комитети

Кызматы: Биринчи катчы

1981 — 1985-жылдары

Иштеген жери: Ош облустук партия комитети

Кызматы: Катчы

1985 — 1988-жылдары

Иштеген жери: Кыргызстан КП БК

Кызматы: Катчы

1988 — 1991-жылдары

Иштеген жери: Ысык-Көл облустук партия комитети

Кызматы: Биринчи катчы

1991-жыл

Иштеген жери: Кыргызстан КП БК

Кызматы: Биринчи катчы

1991-жыл

Иштеген жери: Кыргызстан агроөнөр жай экономикасынын илимий изилдөө институту

Кызматы: Директордун орун басары, ушул эле жылдын декабрында институт жоюлгандан кийин Кыргыз Агробизнес борборунун кеңешчиси.

1993 — 1995-жылдары

Кызматы: Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри

Депутаттыкка аттанганда көз жумду

Жумгалбек Аманбаев 2005-жылы №74 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган.

Бирок шайлоого жетпей эле Караколдогу үйүндө 11-февралда жүрөк оорусунан каза болгону тууралуу суук кабар келген.

Акыркы сапарга узатуу иш чарасы 14-февралда Бишкектеги драма театрында өткөрүлүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Исхак Раззаковдун жанына коюлду.

“Мезгил сынаган чындык”

Жумгалбек Аманбаев 1991-жылы советтик Кыргызстандын тарыхындагы республикалык КП БКнын акыркы биринчи катчылыгына шайланып, жаңы тарыхка Советтер Союзунун бийлигинин эң жогорку органы – КПСС БКнын Саясый бюросуна Кыргызстандан мүчө болуп шайланган алгачкы жана бирден бир өкүл катары кирген.

1991-жылдагы август окуяларында Ж.Аманбаев жетектеген Кыргызстан Компартиясы ГКЧПны – чукул кырдаал боюнча түзүлгөн мамлекеттик комитетти ачык, расмий түрдө, СССР боюнча жалгыз колдоп чыккан.

ГКЧПны колдогону (чынында муну эмес, совет элинин СССРди сактоого билдирген эркин колдогон) үчүн Ж.Аманбаевге кылмыш иши козголуп, алдыда турган президенттик шайлоолорго катышуу укугунан ажыраган.

Замандаштарынын айтымында бул А.Акаевдин күчтүү атаандаштарды маалына жеткирбей, аренадан алыс чапкан алгачкы тактикасы эле.

Бирок мындай бу тосуулар Жумгалбек Аманбаевдин эркин сындырбастан кайра ого бетер канын кызытып, кичи мекени Жети-Өгүздүн калкы өз уулун түп көтөрүлө парламент депутаттыгына шайлап беришет.

1993-жылы Т.Чыңгышевдин өкмөтү “алтын чырынан” улам отставкага кетип, “легендарлуу парламенттин” депутаттары өкмөт башчысынын кызматына Ж.Аманбаевди татыктуу деп чечишет…

Бул тууралуу  журналист Мундузбек Тентимишев “Мезгил сынаган чындык” китебинде төмөнкүчө баяндайт:

“Эр кишинин башына нелер келип, не кетпейт” дегендей, ошол сан окуялардын ичинен, 1991-жылдагы август “драмалары” Жумгалбек Аманбаевди өзгөчө тарых билбеген татаал сыноолорго бетме-бет койгон. Анын эл деп жасаган ак ниет ишинен “криминал” издеп, мүлдө СССРдеги ГКЧПны Кыргызстан гана көргөндөй чуу салган жана ал үчүн Ж.Аманбаевди гана күнөөлөп, соттотуп ийүүнү самаган “демократтардын” куугунтугуна алынган. Бирок, иши ак экен, күнөөсү жогунан соттотууга негиз таба алышпады, соттотконду кой, кайра аны иштеп келген Ысык-Көл областынын шайлоочулары Жогорку Кеңешке болуп көрбөгөн триумф менен депутат кылып шайлашты!

1993-жылдын аяк чени… Республиканын Премьер-министрин шайлоодо Ж.Аманбаевдин расмий рейтинги (Жогорку Кеңештин сессиясына колго салынган) 15 атаандашынан ат чабым ашып түштү, бирок “партократтар үйүрүнөн” болсо да, Чүй кланынын өкүлү болгону үчүн гана, рейтинги төмөн калган Апас Жумагуловду Премьер-министр кылууга аргасыз болушту.

Өкмөттү башкарып, өлкөнү кризистен чыгарып кетүүгө биринчи татыктуу, элдик киши ошентип көз көрүнө басылып, өз алдынча бийлиги жок вице-премьердин (айыл чарба маселелери боюнча) кызматына сунуш кылынган”…

Президенттик шайлоодон четтетилгени тууралуу

Вице-премьердин кызматта 1995-жылга дейре, б.а. жаңы президенттик шайлоолорго чейин иштеп, өлкөнүн президенттигине өз талапкерлигин кайрадан коет. Бирок бул жолу да бийлик өзүнөн күчтүү атандаашты шайлоого катыштырбоонун жолун таап, жыйынтыгында Мамбетжунус Абылов башында турган Боршайком Ж.Аманбаевди негизсиз жарыштан четтетүүнүн амалын табат.

Бул 1995-жылдагы президенттик шайлоо “эпопеясы” тууралуу каарманыбыздын мындайча эскерген.

“… Шайлоого катышпай койсом деле болмок, бирок элдин оор турмушуна байланыштуу себептер ошондой чечимге барууга аргасыз кылды.

Билип эле турдум: коопсуздук комитети, ички иштер министрлиги, область, район, шаарлардын акимдери, кыскасы, бүткүл мамаппарат күндүр-түндүр “иштеп” жатты. Мага ар түркүн тоскоолдуктар уят-сыйытсыз эле жасалды.

Мына ошого карабай, мени президенттикке талапкер кылып көрсөтүү үчүн зарыл болгон 50 миңдин ордуна 500 миңдей кишинин колу чогултулду. Ал чогулган кол райондорго пропорционалдуу бөлүнүшү керек дешти эле, аны да жасадык. БШК баягы 500 миңдин ордуна 120 миңи эле жетет деп, каттоодон өткөрүп, президенттикке талапкердин күбөлүгүн берди.

Кызык шайлоого бир жума калганда башталбаспы. Мага, М.Айбалаев менен Ө.Текебаевге кол чогултканда мыйзам талабы бузулган деген айып коюлду да, шайлоого киргизбей коюшту. Тигил экөө 50 миңден кол чогултушкан экен, 120 миң колу бар мени болсо, Ысык-Көл, Талас, Нарындан кол жетпей калган деген жалган жалаа менен четтетип салышты.

Тарыхка кызыккандар иликтеп көрүшсө болот, биз үчөөбүздү шайлоодон чыгарып салуу жөнүндө БШКнын эч кандай чечими жок! Конституция, шайлоо жөнүндө мыйзам бузулган. Расмий талапкер деген күбөлүктү алган, шайлоого активдүү даярданып жаткан кишини атаандаштыктан чыгаруу Жогорку соттун эмес, а Жогорку Кеңештин чечими аркылуу гана жасалышы мүмкүн эле…”

Ж.Аманбаев өлгөн жок, Акаевдик режим менен болгон салгылашта курман болду

Ал эми замандаштарынын айтымында Ж.Аманбаев өлгөн жок, Акаевдик режим менен болгон салгылашта курман болду. Буга Калнур Ормушевдин айткан сөзү далил боло алат.  

-Ж.Аманбаев өлгөн жок, ал Акаевдин режими менен болгон теңдешсиз кармашта акыр-аягына чейин туруп, курман болду! Ушинтип айтсак акыйкаттан, калыстыктан тайбаган болоор элек деп ойлойм. 

Жумгалбек Аманбаевден күрөш чемпиону чыкмак 

Жумгалбек Аманбаев алгач волейбол менен машыгып, бою кыска болсо да топту шамдагайлык менен ойногонун байкаган ошол учурда айыл чарба институтунун ага окутуучусу, машыктыруучусу Эшим Кутманалиев эркин күрөш менен машыгууга үндөп, көндүргөн экен.

Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда партиялык, жетекчилик иштерге ооп кетпегенде, эркин күрөштөн Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга күч-кудурети, эрки жетмек. Бир спорт жылдызы жанбай, арманда калдык, – дешет.

«Эгерде илим, жетекчилик кызматтарда жүрбөй, жалаң өмүрүн күрөшкө арнаса, Жумгалбек Аманбаевден дүйнөнүн чемпиону чыкмак. Себеби ал өтө өжөр, чыдамкай, эмгекчил жигит эле»- деп эскерген даңазалуу балбан, Жеңиш Дөңбаев.

Аманбаевдин элдин эсинде калган сөздөрү

  1. Жумгалбек Аманбаев Алай районунда райкомдун биринчи катчысы болуп иштеп турганда, кыргыздын падышасы Турдакун Усубалиев келатат деген кабарды угуп, ал кишинин бир ашуунун белинен райондун жоон топ жетекчилери менен тосуп турушат. Кеч күз болуп калгандыктан, күн суук, анын үстүнө бороон башталат. Келчү мейман кечиге берет. Кичине жылынып алалы деп улам жүздөн жутуп коюшат. Акыры караңгы кирип, эми келбей калды деп калган каткан аракты ичишип, гүүлдөп жатышса, Усубалиев барып калат. Ал киши баары менен кол алышып саламдашып, Жумгалбек мырзанын колун кармап,

– Бул эмне баардыгыңар массыңар? – дейт.

Анда Жумгалбек Аманбаев токтолбой:

– Турдакун Усубалиевич, жалаң ушундай кишилер менен иштешип жаткан мени эр дебейсизби! – деп жооп бериптир тартынбай.

  1. Сексенинчи жылдардын аяк ченинде Горбачевдун кайра куруусу башталат. Кыргызстан да кайра курулуп, Ысык-Көл, Нарын областтары кошулуп, борбору Балыкчы шаары болуп бекилет. Эки областтагы областтык мекеме уюмдар бүт Балыкчы шаарына көчүп келишет. Анда иштеген кызматкерлерди үй менен касыз кылуу максатында жер участоктору бөлүнүп берилип, мамлекет тарабынан жеңилдетилген кредит берилет. Эл жапырт үй салып киришет. Автобазанын шофёрлору эртели кеч тааныштарына кум таш ташып, жардам берип турушат. Аларды МАИнин кызматкерлери кармап алып:

– Жол баракчаң туура эмес. Өкмөттүн машинасы менен шабашка кылып жүрөсүң, – деп айыптап,

– Бир куплет ырдап кой, – деп он рубльден кагып алып турушат. Муну кулагы чалып калган Аманбаев начальник УВД менен начальник МАИни чакыртып алып:

– Эй кызыл шапке карышкырлар, силердин жанагы кызыл шапке бөлтүрүктөрүңөр шоферлорду кармап алып, бир кулеттен ырдатып жатыптыр. Экинчи ушундайды уксам экөөңдү маңдайыма олтургузуп алып, таң аткыча Манас айттырам! – деп бул көрүнүштү тыйган экен.

  1. Ыраматылык Султан Ибраимов Ош областын жетектеп турганда окууну жаңы бүтүп барган Жумгалбек Аманбаевдин баш терисин байкап, бакыйган бир чарбага директор кылып коет. Бир айдан кийин телефон менен байланышып:

– Сенин чарбаңды барып көрөм. Баланча жерден күтүп тур, – дейт.

Айтылган күнү айтылган саатта чарбанын жоон топ жетекчилери болуп, бир чабандын сарайынын жанынан Султан Ибраимовду күтүп алышат. Султан Ибраимов келип, тосуп алгандар менен саламдашып:

– Кана, жолдош директор, жол башта, – деп сарай жакка кол жаңсайт.

Анда Жумгалбек Аманбаев:

– Султан Ибраимович, мен жол баштасам, төө жетелеген кулдай болуп калам го… Өзүңүз эле баштаңызчы, – деп элди күлдүрүптүр.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

жети + тогуз =