Нурлан Абдрахманов тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

0

Каганат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Абдрахманов Нурлан Асейинович тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.  

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка кечээ, 18-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Аны бүгүн, 19-сентябрда жамаатка тааныштырышты.

Н.Абдрахманов буга чейин министрдин кеңешчиси, ТИМдин катчылыгынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

Министрдин мурдагы орун басары Азамат Үсөнов Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + 4 =