Шайлоо-2017: Ажолукка аттангандар жоопкерчиликти кандай түшүнөт?

0

Каганат.

Президенттик шайлоодо аламан байгеге ат салышкандар ооз толтуруп убада берип, айрымдары асмандагы айды дагы алып берүүгө даяр болушууда.

Шайлоодогу убадалар аткарылбай, куру сөз бойдон кала бергени карапайым калкты чочулатып, “бул аткаминерлерде жоопкерчилик деген сапат барбы?” деп суроо салышат. Бүгүн KAGANAT.KG  сайты президенттик так үчүн күрөшкө аттангандардан “Жоопкерчиликти  кандай түшүнөсүз?” деген суроого жооп алып көрдү.

 Улукбек Кочкоров: “Жоопкерчиликсиз мамиле Кудайдын аманатына кыянаттык кылууга барабар”

 

-Жоопкерчилик бул сага жүктөлгөн амантка сен тараптан жасалган мамиле, берилген ишенимди актоо.  Жоопкерчиликсиз мамиле Кудайдын аманатына кыянаттык кылууга барабар.

Ал эми эл башчыларында өтө чоң  жоопкерчилик бар. Аны сезген адамдар гана  бийликке келбесе өнүгүү болбойт. Элдин түйшүгүн тартуу үчүн көп нерседен баш тартканга туура келет, маселен, өз кызыкчылыктарыңдан.

Тарыхка көз чаптырсак эл башкарган чыныгы лидерлердин үй-бүлөсү болгон эмес, өзүн бүтүндөй элге арнап койгон. Жеке өзүн ойлогонго убактысы да болгон эмес.

 Токтайым Үмөталиева: “Жоопкерчиликсиз адам талаадагы шамал айдаган камгактай”

-Апам мага дайыма “айткан сөзүңдү аткар, колуңдан келбесе эч кандай милдеттенме алба, себеби сен ал милдетти же жопкерчиликти кудай алдында алып жатасың” дечү. 

Ошондуктан  бир нерсеге жоопкерчилик алсам ал маселени акырына чейин чыгарганга аракет кылам. Эгерде ишти аягына чыгара албасам кечирим сурап, агымы кайда кетсе ошол тараптан максималдуу жардам бергенге аракет кылам.

Ал эми эл оозуна бир аз да болсо алынган соң ар бир айткан сөзүң үчүн эл алдында жооп берүү ар бир  атуулдун милдети. Ар бир ишти аягына чыгарып иштесең кудай да, эл да колдойт. Жоопкерчиликсиз адам талаадагы шамал айдаган камгактай.

Темир Сариев: “Эмнегедир бул сөздүн маанисин, ичине камтыган терең маңызын унутуп бараткандайбыз”

-Жоопкерчилик. Эмнегедир бул сөздүн маанисин, ичине камтыган терең маңызын унутуп бараткандайбыз.

Ынтымактуу, чоң, жөнөкөй айылдык үй-бүлөдө чоңойдум. Ошондуктан кичинебизден эле биз жумуштан качпай иштеп көнгөнбүз. Кичинемден эле кырманда жардам берип, козуларды кайтарып иштедим. Ошондо эле ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу таза эмгекте экенин түшүнгөм.

Биринчи акчамды Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча тартылган “Атадан калган туяк” кинотасмасында ойноп тапкам. Үч ай иштегеним үчүн 182 рубль төлөп беришкен. Ошол мезгилде абдан чоң каражат эле, анткени, сельсоветте иштеген атамдын айлык маянасы 60 рубль, чоң энемдин пенсиясы болгону 6-8 рубль тегерегинде эле. Ошол акчага апам бизге кийим-кечек алып, баарыбызды 1-сентябрга даярдаган. Бул мен үчүн чоң сабак болгон – кичинекей болгонума карабастан жакындарым үчүн жоопкерчиликти ала алдым.

Убакыт өткөн сайын жоопкерчилик сезими үй-бүлөң менен гана чектелбей, акырындык менен компанияң жана анын ишчилери, депутат катары шайлоочуларың алдындагы жоопкерчилик болуп, мамлекеттик кызматкер катары кабыл алган ар бир чечимиң үчүн жоопкерчиликти ала баштайсың.

Рита Карасартова: “Жоопкерчилик – бул ар бир адамдын келечек алдындагы жообу”

-Жоопкерчилик – бул ар бир адамдын келечек алдындагы жообу. Бүгүнкү  максатыбыз, иш аракетибиз эртеңки көрө турган күнүбүз болот.

Бүгүнкү күндө кандай ойлонуп, кандай кадам шилтесек, ошондой келечек күтүп турат. Айткан сөзүң менен кылган ишиң дал келсе, ошону жоопкерчиликтүү кадам жасоо десе болот.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он үч + 14 =