Кадырбеков: “Кумтөр” маселесин чечебиз дегенге президенттикке талапкерлердин эрки жетпей жатат”

0

Каганат.

Биздин көп жылдан бери келе жаткан эң көйгөйлүү маселебиз бул – “Кумтөр”. Бул экономикага дагы, ички дүң продукциясына дагы таасир эте турган эң ири ресурс. Бул тууралуу түз эфир учурунда Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Айтымында, Кыргызстандын эң чоң байлыгы нефти болбосо дагы, “Кумтөр”  дүйнөдөгү 7 орунда турган алтын байлыгы.

“Мына ушунун баардыгын тең Канада алып кетип жатат. Бирок, эмнеге  бир талапкерибиз мына ушул “Кумтөр” маселеси боюнча, ооз ачып койгон жок”-деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал мурунку 3 премьер – министр бүгүн талапкер болгонун дагы кошумчалады.

“ Премьер-министр болгондо да унчукпай отуруп беришти. Мына эң кур дегенде убадасын берип жатканда дагы “ой мен президент болсом ушул маселени ордуна келтирем” деп жөн эле убада берип койсочу. Ушуну айтканга саясий эрки, деңгээлдери жетпей жатат. Эми элдин негизги байлыгын сактап, элге пайдасы тийе турган маселе боюнча бир сөз айтпай, анан мен силерди 6 жылда жыргатам деген сөз эмненин негизинде жаралып жатат?”-деп суроо салды Кадырбеков.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − сегиз =