Текебаевдин соту 26-сентябрга жылды

0

Каганат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту 26-сентябрга жылдырылды. Буга жактоочулардын өтүнүчү себеп болду.

Бүгүнкү соттук отурумга Чотоновдун жактоочусу Марат Эшперов келе алган эмес, ошондой эле Текебаевдин жактоочусу Чынара Жакупбекова ооруп жатканын билдирген болчу.

Келерки жумада Бишкек шаардык соту өкүм чыгарары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Текебаев февраль айынын этегинде камакка алынган. Буга орус ишкери Леонид Маевский 2010-жылы “Мегаком” ишканасын сатып алуу үчүн бир миллион доллар бергенин айтып көрсөтмө бергени негиз болгон. Башкы прокуратура Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөнкул Чотонов дагы “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Эске салсак,  16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат.  Муну менен катар алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × 1 =