Сынган кылыч: Сары Өзөндү түрө чаап, азирет ханына энеси өппөгөн кыз тартуулап бармакчы болгон Канат – ша…

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей “Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

Жыл өтө берген сайын бу бир кезде түбү, теги, тили бир журт өзгөрүлүп, күнүмдүк тирилиги, күткөн мүлкү, урунган буюму бөлөктөнүп, ажырымдалып, ар бири өз алдынча бирткелеп бөлсө да өнүгүп, өзүнчө улут түркүмүнө айланып, эми өзүнчө улут мүдөөсү, улут биримдиги зарыл мезгилге келип такалган.

Өзгөчө өз алынча эр көкүрөк, оңойлук менен бирөөгө баш уруна койбогон, рухунда кайберен сыяктуу элкин тоолук кыргыз кыпчак тайпасы бир кооганын ичинен чыгары анык. Саал илгери эптеп өз ичи арасынан мураскор таба коюп, ордонун бийлигин басып алуу көздөлсө, мына бул учурда, ак паша абайлап — бир колу Хазар көлү жактан, бир колу Шыбыр жактан сунулуп, акырындап капшырып, Ак- Мечит, Капал чептерин алып, андан бери бу Ысык- Көл, Сары өзөн Чуй боюна дейре таасир өткөзө баштаган учурда кыргыз кыпчак шарттан утмак — көптөн көксөгөн «ордону колго алуу» ишин биротоло түбүнө жетмек, же чыры башынан түгөнбөгөн кан ордодон кечип, өзүнчө өз ордосун көтөрүп калмак табында турган.

* * *

 Үч күн бою ак жаан болуп, ошол 1860-жылдын 15-октябрь күнү тушардан чыгара карлап басылды. Бул жерде туулуп өскөн адамга бул көнүмүш нерсе ава ырайынын ар кандай кубулушуна камдуу болушат, а жылуу Ташкен айланасынан чогулган, нары да жай мезгилки жеңил кийимин алмаштыра элек кошунга күтүлбөгөн катуу жапа болуп калды.

Ылдыраган жука чатырларынан токтолбой жамгыр эленип, көчүк басар кургак орун калбай, өтмө катарынан өтүп, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүшүп, ак жаандан соңку чыкыроонго көк тумшук болуп тоңушуп, тынымсыз бир беткей ырылдап жүрүп турган шамалга өпкөлөрүн кактырып, алды көз көрүнөө ич оорууга чалдыгып, сасыган токулга жамына бүк түшүп жыгыла башташты. Ээрге тартынган талпагын ичине ороп таңынып алып, биртике селтапкыч кылган курама баягы күнү эле кабатынан кымкап кие буластаган сарт бурадарынын ийрейип ичеткек болуп жатканын көргөндө:

 

«Э, айланайын ай касиетиңден, артык турбайбы тогуз катар тонуңдан токтучагым териси?» деп тообасы оозунан түшпөйт.

А тоңгон сарт: «Э-э, ушул айларда дагы ушундай алаамат суук болчу беле, бу бир мүшкүл кудайдын өзү жиберген, көрөсүңө-өр, бул казат оңго жүрбөйт…» деп, коркунучтуу кеп уруп, көпчүлүктүн аңы уча баштады.

Сары өзөндө туугандарынын жылуу үйүндө мейман болуп жаткан Алымбек датка атайы жиберилген чабарманга келер-коёру качан экенин да айтпады. Дагы ушинтип бөрүгө байланган улактай учу-кыйырсыз кең талаада жата бере турган болсо, кошундун деми сууйт, тарки кетет. Канаат-ша кернай тарттырып күрсүлдөтө дабыл соктуруп, бүт кошунду шашылыш козгоп, өзү алдына түшө: «Иа, алла !» деп, ат жалына өбөктөй чаап, ошонусу менен дем кайрат берип, жолго чыкты. Кошун уюткусун Жирен-Айгыр суусунун боюна түштөнттү.

Чубаган кумурскадай көп аскер шамалдан буйга аң-сайларга өрүп өңүп киришип, көк жылгындан кыйратып кыркып от жагышып, суук күздүн алсыз нуруна чубакташып калышты. Иргеп, кол алдын дагы алга умтултуп, Жирен-Айгыр жеринен нары созулган Кара-Кастектин күн батыш тарабына өткөрүп салды. Өзү түштөнгөн Жирен-Айгыр боюндагы кошунга текши көрүнөө дөңгө кош тиктирди. Мына, аттын башын бир дыр койсо орус бекет кылган Узун- Агачка кирет!

 Таздын башындай такыр дөңгө Канаат-ша бир колу тарабына бир кыл ак таш, бир кол тарабына бир кыл кара таш, ар жерге топ кылып, улам бир тобун алга жылдырып, бир тобун артка шылгай сүрүп, кара таштарынын бир кыйласын ак таштарынын те арт жагына алыстан имерилтип өткөрүп, Канаат-ша өзүнчө мыңкылдап, башын чайкап, ийкеп, өзүнчө күйгүлтүк тартып отурган. Пансаттары баары аны тегеректеп алган, тизелерин таяна өңкөйүп карашып, аскер- башысынын ой-санаасын түшүнө бере алышпай аңыз кылып турушат.

— Вай! — деп жиберди капилеттен бири. Канаат-ша чочуп, «орус кайдан чыга калды?» деген ой заматта көңүлүнө келип, ордунан тура калды да, эл караган күн жүрүш жакты карап, каптан жүрүп келе жаткан көп кошунду көзү чалды. Ири алдында кырмызы туу кылкылдайт. Канаат-ша колго оңдуу илинбеген жылбырскы кыркма кара сакалын уучтай сылай:

«Йе, буга да бир ажайып икая көрсөткөн белем кудурет!» — деп күбүрөдү. Бул Алымбек датканын кошуну болучу. Ири алды кош канат болуп жайыла келип, Канаат-шанын ар тобу, ар жерде жайнап, томурайып жатышкан аскерине жете бербей токтоду. Жүздөй атчан Канаат-ша турган дөңгө карай тизгин бурду. Жакындай келгенде эң алдыдагы Алымбек датканын өзүн тааныды Канаат-ша.

«Э, мунун оюнда не жамандык, же жакшылык келе жатты экен а?..» деген күдүк көңүлүн курттай өйүп жеп турду. Бөйдөй кара макмалдап көөлөгөн ак көрпө тон кийген, сыртынан белбак курчанбай жылуу тондун сеңселген кара көрпө жакасы өңүрүнө дейре ачык, ички кызыл манат камзолу көзгө илешет, башында кайруусу кере карыш сур кундуз бөрк — датка урушка эмес, той кызыгына келгенсип, кабагы жарык экен.

«Жакшы эле окшойт…» деген үмүт Канаат-шаны жубатты. Не деген менен Алымбек датка «улук увазир», «хан агасы» делинет, Канаат-ша азирет хан өзү берген бу казаттагы аскербашлык сөөлөтүндө датканын бет алдында тура албай, ага руху жетпей, бир жагы куру сыяпат кылгысы келсе да, бир жагы баягы малай үйүтүнө өзүнөн-өзү жеңилип, тосо барып, датканын элирген кызыл буурул жоргосун тизгинден алды, колтугунан сүйөп түшүрдү:

— Келиң, келиң… — деп, өзү оозунуп кол алышты. Баамчыл мырза Шабдан алдыртан Байтик баатырды тиктеп, «көрүп коюңуз, биздин агабыз арбагын тебеледи го мунун» деген маани туюнтуп, жумшак жымыйлып койду. А Байтик баатыр буудан ат үстүндө зоңкоюп, заары эле сезилип турган кызыл көзүн тигип, ушул азыр датка тууганы «карма» десе Канаат- шаны үзөнгүгө басуудан таюу тартпай турган өңдүү өрөпкүп алган. Канаат-ша:

— Келиң, келиң, — деп, аппак тишин кашкайтып, сүйүнгөн кейпин кийип, жанагы өзү таш тизгилеп отурган жерге ык көрсөтүп лыпылдады,

— келиң,биз жаңы кылыш жайын ойлонуп отурган эдик, кана, көрүңчү, датка… Түз эле тизген таштарын атайы тепсей барып токтоду Алымбек датка: — Немене, — деп, дөңдөн эки жакка имере көз чабытын таштап, ныктай собол кылды, — топташ ойноп отургансыз белем, бек? Пай-пай оңгон экенбиз!..

Канаат-ша аңкайып карай берди. Мынчалык орой мамиле кыларын болжогон эмес. Дирт деп заматта анын да кыжыры ойгонуп: «Өзүңүз? А өзүңүз кайда жүрөсүз!» деп, беттен алмакчы болуп, бирок кайра дагы руху татакайлашпай, кайра бөөдө чатакты ырбатып албайын деген аяр ойго чалынып жыгылып, нары да азирет хан казат тагдырын ага жүктөгөн, биерде арзыбаган сөзгө кыжыңдашып отуруп ишти бузуп алса өзүнө эле күч келери бөгөт болуп, аргасыз ырсайды.

— Не күтүп отурасыз мени?! Колуңузга бүт Ташкен аскери, менин курама туугандарымдын кошуну, Туркстан, Оулия-Ата, Мерки чептеринин баатыр аскерлери толук берилген. Урушта туруш жок! Сиз минтип, ак таш менен кара ташты кагыштырып коюп, дөңдө далыңызды күнгө кактап отурган чакта, ыя, тыякта орустар камылгасын катыра көрүп алган жок дейсизби?!

 Биз го алыстан тоо ашып келдик, а сиз быяктан түз жол менен келдиңиз го, келери замат камынтпай каптап кирсеңиз алигиче Узун-Агач бекетин азирет хандын баатыр кошуну алып коймок. А биз Кашкелең ашуун ашып, тиги эле Үч-Алматы ченинен жолгошмокпуз!

Эми мына баары жок, сиз дөңдө төлгө тартып отурасыз, биз сизди ителеп ала кетели деп, минтип кайрылып Кордойго салып, артыңыздан келип отурабыз! — деп, сүйлөтпөй кейиди Алымбек датка. Канаат-ша жаакташышка үлгүрбөй калды.

— Немене бу?! Кошунбу, бу, ар жерде тырайып, немене, же бир кыргындан тарки чыгып, өлө-тала бозгон элби?! — деп, зиркилдеп какты датка. Канаат-ша:

— Эми, датка, көп сарсан болбоң, ишке өтөйлик! — деди кайраттана.

—Үч жактан кысып жаң кылабыз биз, а сиз мына ушул жаң учурунда, датка, тоо тараптан айланып күн чыгыш жактан артынан пайда болуң — орусту алакандай кичинекей бекетине таш очокко камагандай жылчыксыз кылып ортого алабыз!

— Тез! — деди Алымбек датка. Ушул жерде кимге ким буйрук бергенин эки жактын тең коштогон кишилери түшүнө алышпай маң болуп калышты. Узун-Агач бекетинде бир рота жөө аскер, бир жүз атчан орус казак, жана да бекет кызматчылары болуп, бар болгону үч жүз элүү киши турган. Эки гана жеңил замбиреги бар болучу.

19-октябрь күнү эртең менен бекеттин айланасындагы кырлардан кокондуктар кырка тарта жамырап көрүнүп калды.

20-октябрь күнү тоо түбү менен имерилип, Алымбек датканын колу келип, кокон аскерлеринин карааны ан сайын көбөйтүп, Узун-Агач айланасына туш- тарабынан жыш курчоого алды. Шатман кожонун сыпайлары, сынашып көргүлөрү келдиби, дуулдата бир мерте чабуул коюп, эки замбиректен удаама-удаа атылган чачма окко кабылышкан соң кайгып кайра тартышты. Шатман кожого дем берип, кызуусун суутпай Канаат-ша аскерлерин бетме-бет урушка өткөрө баштады. Көптүн иши көп эмеспи, көптүгүнө салып, кара селдин суусундай бир жайпап кетерине ишенет.

Кара- Кастек өзөнүнөн көп колду күргүчтөп айдап, улам жакындатып, араны тарыта кысмактап кирди. Бирок, керектүү учур байкоосуз жылып өтүп кеткен болучу. Күн менен, саат менен, мүнөт менен эсептеле турган жайма-жай учур беле ошол учур?! Өчүгүшкөн, кекенишкен, бир алланын аты менен кызыл кыргын кан төгүшүүгө бел байлаган, бу да болсо кудайдын башка салганы деген көктүккө кабылган, кан тамыр үзулгүдөй муун калчылдаган өтө кыска, өтө кысталыш учур эмес беле?!

Ал бир тутам учур согуштук көз караштан да колдон чыккан. Түнү бою жүрүп, таңга жуук Узун- Агач бекетине бир жарым миң ашуун аскер менен полковник Колпаковский келип жетип, тегерене коргонууга жайланышып үлгүрүп, ылайыктуу мерчемдерге коштоп замбиректерин коюп калды. Өзү ыргыштаган аргымак үстүндө дүрбү салып, тиги туманы күндүн биринчи нурларына чагылышкан керилген талааны бир баштан көздөн өткөрүп, улам бир четине барып, коргонуу мерчемдерин тескеп жүрдү.

Биринчи жолу башынан өткөрүп жатпайбы, болуп жаткан кандуу окуя жаш прапорщик үчүн өзгөчө. Бүт көңүлүн дүүлүктүрүп жиберди. Те кырлардан самсып келе жаткан душманды көрө шумдуктуу бир болумуштун ичинен чыгуу, кара жанга өтө кооптуу шартка кабылуу, а түгүл көргөн-уккан таң кала турган бир баатырлык өлүмгө атайы баруу көңүлүнө келип, аны астейдил эңсеп да алган.

Окуу жайын бүтүрөр замат Иле багытына аскер кызматына өзү суранып келип, жергилик эл адам жээр эмес экенине абдан өкүнүп, көңүлү кайт. Бу анын жергилик элге карата болгон кызыгуусун суутуп, эми аларга кайдигер болуп, тыякта штабда калган курсташтарынын алдында ал бир көңүлгө аларлык романтикалуу бирдемеге аралаша албай үмүтү алданып кала берген теризде. Мейли деп өзүн жубаткан ал.

Колунда көк келтегинен башка эчтемеси жок чала жабайылар менен кармашууну ал эрлик деп деле эсептебейт, а жалган эле жылмаңдашып, отурууну ачык эле жек көрөт, аны алчы-таасын жеген куу адамдардын көйкөйү деп эсептейт. Бир шойкондун ичинен чыкмакчы болгон зардеси дагы эле кайнап, ага тынч тирилик эмес, чагылгандын чартылдашы же күндүн жер теңселте күркүрөшү сыяктуу орошон бир окуя керектей.

Ошон үчүн аскерлик кызматка өткөн эмеспи, ошол аскерлик гана аны көздөгөнүнө жеткирип, көкшүнүн суута алмакчы. Ырас, кумардан чыгыш үчүн бетме-бет чыгар кандайдыр бир душман керек ко?! Тигине душман, өзү жер жайнап келип берип турат. Душман дегидей душман, аянбайт да аябайт. Тымызын ыразы болду поручик, болсо ушундай душман болсун, болбосо чала жабайы бирөөлөр менен жака айрышып отуруш өзүндөй тарбия- таалим көргөн элдин өкүлү үчүн өлөрчө уят иш дечү.

Поручикти ушул ойлор имерип турду ошол тапта. Те такыр дөңдө турган Канаат-ша да бет алдында жайылып жаткан жайыктагы биртке отрядды кандайча күм-жам кылышты өзүнчө болжоп, орустардын «сүйлөшөбүз» деп алдашпай ачык салгылашууга келип турушканына аларга ыразы болуп, көздөн өткөрүп турду. Мелтиреген түз талаа бейпил сыяктуу, бозомук туманы суюлуп, бир жакка качып тарап, мелтиреген түз талаа тынч. Бир аздан соң ушул бейпил талаа тополоң болуп, көп атчан дүңгүрөп каптап, удургуй чабышып, миңдеген адам заада адамдык кейпинен өзгөрүп, ар бири оозун ачкан ач жырткыч болуп, көйкаптан чыккан тажаал сыяктуу бирин-бири маашырлана бырчылдатышат деп ким ойлойт?!

 Сөөлөт менен колун көтөрүп шилтеп, Канаат-ша Шатман кожонун кутурган сыпайларын чабуулга өткөрдү. Капкара, ач кыйкырык, көздөрү чанагынан чыккан атчандар бороондой каптап кире барып, бир заматта тык токтолушуп, ошол замат эки жакка таруудай чачылып, ортого пайда боло калган бош аянтта ат, адам денеси күү эте асманга көтөрүлө кайра дабырап жаап түшө калды. Жабыла атылган замбиректердин чачма октору мөндүр сыяктуу бир сабап өттү. Жайнаган атчандар улам бүйрөсү кызый, улам ийриле, улам эрдемсий, улам үмүт алдап, кайрадан кайра каптады.

— А-ат! — деп кыйкырат жаш поручик желиге, ал өлүм коркунучун такыр теңине албай, улам бир замбирекке ачыктан-ачык ликилдеп жетип, делөөрүп жүрөт. Көптүгүнө салмакчы болгон атчандар өлүм чачкан мөндүргө кайрадан кайра кабылып, кайрадан таруудай дыркырап төгүлүп калып жатты. Те күн чыгыш жактагы тоо өтөгүндө, берки кырларда камыштай шыкалган көп кол же каптап кирбей, же аттарынан түшүп жай отурбай өзүлөрүнчө эле нары-бери удургушуп, чыдамы, тынчы кеткенсип, чуулдап кыйкырышып, уруш майданын аваз кылып гана турушат.

— Ким булары? — деп сурады полковник Колпаковский.

— Бу кокон ордосунун көрөркөз адамы кара кыргыз Алымбек, — деп жооп беришти.

 — Эге, кара кыргыздар бекен? Ушул бойдон тура беришсе, ким билсин, биз жакка тийишпесе, тура беришсин, аларды карай замбиректен гана эмес, бардеңкеден да ок чыгарылбасын! — деп, катуу буйрук кылды.

— Көрөлү кантишер экен… А Алымбек датка дагы эле кырдагы бир ордунан жылбайт.

— И-и, капта-а, мөңкөңдөгөн байкуштарым, кап- та-а! И-и, алган пулуңду эң акыры төгүлгөн каның менен да актасаң ошентип!.. — деп, ат үстүнөн кыйкырып турду. Үч мерте алдына Канаат-шадан чабарман келди. «Эми каптасын дейт! Датка ага…» деп, буйругу кайдан, Канаат-шанын кансырагандагы суранычын ыйламсырап айтышты. Бирок, көрсө да көрмөксөн, уксада укмаксан, датка башка нерсеге алаксып, аларды тиктебейт, тыңшабайт.

— Э-э… Үч-Алматы, Ак-Мечит чептерин орустан бошотуп, газы болуп, анан Сары өзөндү түрө чаап, азирет ханына энеси өппөгөн кыз тартуулап бармакчы болгон селсаяк кызылбаштын бар алы, дымагы ушул экен го?!

Э-э… — деп, эми табалап, тиги пулга келген кокон сарбаздары кандай абалда күзгү кара чымындай үймөлөктөй кыргынга кабылып жатканын, бир кур башын чайкап, көздөн өткөрүп тура берди. Ава кара күйүндү жыттанып, теребел бырыксып, күндүн көзү көрүнбөй, анын үстүнө кечке утур боз туман сүйрөлө жер бетине төшөлүп, саал эле аралыктан кара-бараан көрүнбөй ааламды кара күүгүм басты. Колпаковский бекеттен чегинди. Кыжылдаган көп кошундун бу ымыртта капилеттен арасында калбоо камын кылды. Канаат-ша да, дагы кайсы замбирекке барып кабылмак, кырылгандан калган өз кошунун майдандан чыгарып, жөө тумандын арасына житирип кетти.

21-октябрь күнү Канаат-ша аскер кеңешин жыйды. Кечеги Колпаковскийдин чегинип кетишин кокон кошунунун жеңиши деп эсептеп, эми дагы чымырканып, арабалуу жай жүргөн орус аскерин удургуган атчан кошун менен сары изине чөп сала кууп, эч жерге жайынча эс алдырбай кыйратуу, андан нары Үч-Алматыга камоол кылуу оюн ортого салды. Канаат- шадан мурда Ташкенге бек болуп келген Үрүстөм- бек, кыргыз кыпчактын сол канатына кирген курама уругунун Ныяскул, Керимкул сыяктуу көптү көргөн кол башчылары бар болучу. Ушул камылга, кошундун ушул абалы менен   урушту улантууга Үрүстөм- бек, замбирек чачмасына көбүрөөк кептелген Шатман кожо макул эместиктерин жымсал айтышты.

Не деген менен эл көзүнө «улук увазир», «датка ага» аталат, төрдү тең жара бөлүп отурган Алымбек датка:

— Кадырман аскер башы, азирет ханыбыздын өтө ишенген көк мелжиген тоодой таянычы, кулак туткайсыз, — деп, Канаат-шага багыштап, атайын жылмайып, бирок ар сөзүн ныктап, не ызырынганы, не кейигени, башын ийкей кеп урду, — эгерим биз астейдил ак пикирибизди айта албай жаңылып жазып кала турган болсок кечирим кылып койгойсуз.

Бу, кандай, Ташкен шаарынан бери чыкканда жоого аттангансызбы, же бу Узун-Агач бекеттен орустар менен көз таңмай ойноп тамаша көргөнү келгенсизби? Таң калып сурап отурабыз! Бу немене өзү, кадырман, азирет ханыбыздын ар биринин кара башына пул төлөп, көп кунава жеп кураган кошунун жалгыз атчан, жалаң тончон айдап чыгыпсыз го? Жалгыз ат жолдо эле арып бүткөн, жайда киер жука тону бул жердин ысык-суугуна туруштук бермекпи, кайран азамат жигиттер ар бир шыбактын түбүндө ыйынып, урушу жок эле четинен боо түшүп ич өткөктөн кырылып өлүп жатат го? Мейли, кошунду бейкамылга айдагандыгыңызды мындайды башынан өткөрбөгөнүнөн деп коёлу, а кошундун бу акыбалын биле туруп, орустун замбиректеринин тажаалдыгын көрө туруп, анан дагы «урушту күчалтабыз» дегениңизди өзүңүз кайра ойлонуп көрүңүз.

Маани ушул ки, мындан келди, сиздин азирет ханыбызда эскиден калган сөөк өчүңүз барга окшойт, кечеги жер жайнаган көп колун ичөткөккө жолуктуруп бир кырып, орустун замбирегине бөөдө айдап кабылтып бир кырып — түбүнө жетмек максатыңыз барга окшойт?! Эч ким унчукпай калды. Көбү кеп жүйөсүнө ынанып, тиги өз салмагын айрыкча сезген Алымбек датканын күүлдөгөн демине, ыгын кетирбей Канаат-шаны талуу учурунан кармап, каарып, мүңкүрөтүп, көз көрүнөө кадырын тебелеп жатканына таң калып, ыраазы болуп башын ийкегиледи.

— Вай, датка! Вай, андай суук кепти оозанбаң, датка?.. — деп жиберди Канаат-ша.

— Тузу уруп кетпейби бизди азиретибиздин?! Вай, датка… Ал кызылала болуп, андан нары оозуна эчтеме кирбей акактап токтоло калды. «Эми чакмак таштай чарт этет!» дешип, баары элейип калышкан. Иреңи сурланып , алагар көзү мекчейип бет алдына тигилип, эрдин бек кымтыган бойдон биртке ой термете калып:

— Эми, — деп зекиди Алымбек датка, — ушул өңкөй ийрейген ичөткөктөрдү дагы күргүчтөп уруш баштай турган болсоңуз, биз кошула албайбыз мындай кара ниет ишке, көмөккө келет деп асли ойлобоңуз, эсиңизде болсун. Канаат-шанын датка башына үйгөн күнөөдөн үрөйү учту. Ыя, азирети хан эмне дейт?! Кыркма кара сакал жумуру ээгин мыжыга кармап отурган калыбында нес болду. Өзү эрдемсип, өзү азирети хандын көңүлүн ишендирип, өзү баштаган казат ушинтип эле шаңсыз, даңксыз бүтүп калабы?! Шатман кожо эки жакты тең жайкай, эки жакты тең ошол тапта бөлүнүп- жарылышын эл көзүнө тереңдетпей, ынтымак-ырайыш жагына ык бере кеп уруп, эң акыры

— Иши кылып, орус аскерин ордунан козгош, артына кетишке мажбурлаш жаман жумуш болгону жок, жаранлар. Бирак, кошун ичиндеги акыбалга көз жумушка асти болбойт, ушул ийгиликке каниет кылып, казатты кудайдын келерки жаркыраган жазына аманат токтоткон оң… — деди. Бул ой жыйынтык болуп кеңеш бүттү. Канаат-ша тарки чыккан кошунун илките чубата Ташкенди карай тартты.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз + он =