Журналисттерди коркутуп, кеңсесин талкалашканы аз келгенсип, бүгүн да коркутуулар уланууда

 Каганат.

 Мыйзамдуу өлкөдө жашап жатып, чакалайдын чак түшүндө журналисттер коркутууга дуушар болуп,  анысы аз келгенсип мүлккө зыян келтирилгени бизде мыйзам иштейби же чоң муштум таасирдүүбү деген ой жаратты. 

Кеңсебизге жулунуп кирип, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп, кеңсебизди сапырып кетээрин  айткан 3 эргул дагы деле эркиндикте, тайраңдап жүрүшөт.

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан ашкананын ээси “агыткан” 3 бала келип журналисттерге кол көтөргөнгө чейин барып, ызы-чуу салганда милиция кызматкерлерин чакырган элек. Арты-артынан жайбаракат чууруп келген милиция кызматкерлери өмүрүбүзгө коркунуч келтирген адамдарды эмдигиче кармаша элек.

Үчүнчү бийликтин өкүлдөрүн каалаган адам келип, каалаган учурда коркутуп, алка жакадан алып эшикке сүйрөп, керек болсо жулмалап сабап кете береби?

Бөлүшүү:

Пикир

17 + жети =