Азия оюндары-2017: Кыргызстан курамасы 3-алтын медалды багындырды

0

Каганат.

Азия оюндарында Кыргызстан курамасы 3-алтын медалды багындырды.  Аны алыш күрөшү боюнча балбан айым Мээрим Момунова алып келди.

60 килограммга чейинки салмакта мекендешибиз үч беттешин бирдей жеңип чыкты.

 Ошондой эле  кечээ Нурбек Кожобеков алыш күрөшүндө күмүш медаль тагынды.

Ушуну менен Кыргызстан бир жумада 34 медаль топтоду. Алардын үчөө алтын, он бири күмүш жана жыйырмасы коло.

Медалдык эсепте курама 20 мамлекеттен 14-орунда келе жатат.

Ашхабаддагы Азияда оюндары  27-сентябрда  аяктайт.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 + он жети =