Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» эң көп коюлган спектакль

0

Каганат.

“Кыргыздын гиннес китебин” жазган акын, жазуучу, котормочу Ысмайыл Кадыров менен маек куруп, анын аталган китебин сайтыбызга жарыялап туруу уруксатын алганбыз. Мындан ары Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат ала аласыздар.

Эң көп

• Кыргыз жергесиндеги жаан­чачын эң көп жааган жер Фергана кырка тоосунун батыш капталы (Актерек­Гава метеостанциясы)-1090 мм, эң аз жааган жер Ысык-Көл ойдуңунун батыш чети (Балыкчы)-144 мм.

• Элинин саны эң көп облус — Ош. Мында 1999­-жылдагы эл каттоо боюнча 1176,0 адам жашаган. Бул облус райондорунун (10), айыл­кыштактарынын (622) саны боюнча да алдыда.

• Калкынын саны эң көп район — Кара-Суу. Элинин саны 302714 адам (2001). Эң көп Эмгек Баатыры (22 адам), эң көп улут өкүлү (30дан ашык) да ушул райондо.

• Балыгы эң көп көл — Ысык-Көл. Балыктын 22 түрү бар. Анын 12 түрү өзүнүкү, 12 түрү башка жактан алып келинип байырлаштырылгандар. Ысыккөлдөн балык кармоо алгач 1895-­ж. башталган. Ушул жылы Нарын аскер гарнизонунун курамындагы жоокер М.И.Баган Ысык-Көлдө 1 ­балык кармоо артелин уюштурган. Көлдөгү эң көп балык — Ысык-Көл майда чабагы. Узундугу 15-17 см, салмагы 40 грамм. Өтө баалуу өнөр жайлык балык — каңылтыр (сазан). Салмагы 12-16 кг.

• Варианты көп жана эң көлөмдүү чыгарма-”Манас” эпосу. Кыргыз УИАда сакталып турган 70дей варианты бар. “Манастын” Ы. Абдрахманов Сагымбайдан 1922-26­-ж. жазып алганы эле 180378 сап ырды түзсө, Саякбай Каралевдин варианты боюнча жарык көргөн “Манас” 500553 ыр сабынан туруп, “Илиада” менен “Одиссеядан” 20 эсе,”Шахнамеден” 5 эсе, индия элдеринин эпосу “Махабхаратадан” 2,5 эсе көптүк кылат. Изилдөөчүлөр эпостун эң алгачкы айтуучулары Жайсаң жана Нооруз деген ырчылар болгон деп эсептешет.

• Эң көп жер­суу аттары жолуккан чыгарма — ”Манас”. Мында 500дөн ашык географиялык аталыш бар. Эң көп библиографиясы бар чыгарма да “Манас”. Бул эпоско арналган илимий, көркөм ж.б. эмгектер 3 миңден ашат.

• Эң көп (1000ден ашык) күү билген куйма кулак адам Ниязаалы Борош уулу болуптур. 1936-ж. 80 жашында олимпиадага катышып, 1-орунду жеңип алыптыр.

• Чыгармалары эң көп тилге которулган (100дөн ашык), эң көп басылган (300дөн ашык), эң көп нускада (20 миллиондон ашык) чыккан жана дээрлик бардык чыгармасы боюнча кино тартылган жана театрда коюлган, кыргыздардан 1­болуп эң көп эл аралык сыйлыктарды алган жана чет элдик көптөгөн академияларга мүчө болгон жазуучу — Чыңгыз Айтматов. ЮНЕСКОнун эсеби боюнча чыгармаларынын басылып чыгышы жана нускасы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлейт. Китептеринин эң көп нускада чыгышы боюнча андан кийинки орун жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиевге таандык.

• Эң көп коюлган спектакль Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры», ал 2003-ж. март айында миңинчи жолу коюлган, ал эми драматург Бакы Өмүралиевдин “Жаңырык” (“Жүз катын”) аттуу пьесасы Ош драма театрында 800 жолу коюлган.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 5 =