Жол эрежесин бузган айдоочулар бир жумада 3,5 млн сом айыппул төлөштү

0

Каганат.

Бир жума ичинде борбордо патрулдук милиция кызматы тарабынан жол эрежелерин бузуу боюнча 5445 протокол түзүлүп, мамлекет бюджетине 3 455 000 сом айыппул төлөндү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан 22-сентябрга чейин рейд жүргүзүлгөн.

-26 айдоочу мас абалында унаа айдап жүрүшкөн;

-110 айдоочунун тиешелүү документтери жок болуп чыккан;

-7 айдоочунун нормага ылайык мамлекеттик номуру жок болуп чыкан;

-6 унаа жасалма номур менен жүргөн;

-1769 айдоочу жол белгилерин карабай, эрежени бузуп айдашкан;

-628 айдоочу унаасын туура эмес жерге токтотушкан;

-29 унаанын терезелери караңгылатылган болуп  чыккан;

-264 айдоочу жол чыракты карабай, жолдон кызыл түстө өтүп кетишкен;

-214 унаа айып жайга токтотулду.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × эки =