Балды кантип кышкыга туура сактайбыз?

0

Каганат.

Балдын дарылык касети мол экенин билебиз.   Бал ден- соолукка жана сулуулукка кам көрүү үчүн эң мыкты каражат болуп эсептелет.  Анткен менен аны айрыкча кышында кантип сактоону баарыбыз эле биле бербесек керек.  Эгерде бал туура сакталбаса даамы бузулуп, дарылык касиетин жоготуп коёт. Андыктан бүгүн биз балды кантип кышкыга туура сактоону айтып беребиз.

Үй шартында балды сактоо үчүн атайын идиш (тара) даярдап аласыз. Анын капкагы жылчыксыз жабылууга тийиш. Анткени ичине нымдуулук жана жыт кирбеши керек. Ошондой эле таза, кургак болушу шарт. Балды таза идишке куюңуз, мурунку жылдан калган балдын үстүнө салууга болбойт, даамын бузуп коёт.

Дат баспай турган идиштерге сактаган туура болот. Маселен, айнек идиш, калай же жыгач идиштер. Ал эми жез идишке сактоого болбойт, сапатын бузат жана кычкылдандырат. Андыктан идиштен балды алган учурда жез кашык менен алууга да болбойт жана сакталган балдын ичинде жез кашыкты калтырууга болбойт. Жезден токсиндер пайда болуп ,ар кандай зыяндуу химиялык заттар пайда болот.

Идеалдуу температура 6-20 градус болгону дурус. Ал эми балдын жанына туздалан балык, пияз, сарымсак, суу жана туз сактоого болбойт. Алар нымдуулук пайда кылып, балга зыянын тийгизет. Бал жарыкты сүйбөйт, анткени ал микробдорго каршы каражатты курамынан жоготот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − беш =