Каныбек Осмоналиев: “37 млн долларды “Лигласска” байлабай, аны ким жегенин аныктап чыгуу керек”

0

Каганат.

Шайлоо жакындап, аламан байгеге ат салышкандар арты-артынан жарнамаларды берип, элди куру убада менен “тойгузуп” жаткан маалы. Бир жагынан мугалимдер, доктурлар кысымга учурап, форма-2 деген нерсе күч алып, күндө бийликтин талапкерин колдоо тууралуу аудиожазуулар интернет айдыңына байма-бай чыгып, элдин нааразычылыгын жаратууда. Бир жагынан ГЭСтерди курам деп өпкөсүн колуна кармап жүргөн “Лигласс” компаниясы Кыргызстанды сотко беребиз деп кыр көрсөтүп жатат. Айрымдары болсо жакында эле берилген мамлекеттик сыйлыктар, наамдар тууралуу талкуунун аягына чыгыша элек. Жогоруда айтылган маселелер боюнча профессор, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев менен маек курдук.

-Шайлоого карата форма-2 талабын коюу чоң чырдын башталышы дедиңиз. Бул менен эмнени айткыңыз келди?

-Мен муну менен биздин президентибиз өз сөзүнө туруусу керек дегенди айткым келди. Мен жаш бала эмесмин 25 жылдан бери саясаттын алдыңкы фронтунда жүргөн адаммын. Акаевдин, Бакиевдин саясатын көрдүк, Отунбаеванын учурундагы күмөн референдумду, Атамбаевди шайлоодогу оюндарды көрдүм. Андан бери эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол шайлоолордо форма-2 кандай колдонулса, бүгүн ал бир топ эсеге күчөп жатат. Тоталдык түрдө форма-2 менен жатаканадан добуш бересиң деп студенттерди кыйнап жатканы жаман нерсеге алып келет.

-Сөзүңүз куру болбошу үчүн бир нече фактыларды айтып кетпейсизби?

Кыргызстандагы бир катар университеттерде болдум. Форма-2 колдонуу боюнча мажбурлоо жүрүп жатыптыр. Мен элдин арасында жүрөм. Студенттерим, аспиранттарым, мугалимдерим бар дегендей. Мен бетти сыйрып коюп, ушундай абалга жетет деп ойлогон эмесмин. Расмий түрдө айтам, административдик ресурс колдонулуп жатат. Алмазбек Атамбаев тарыхтан сабак албай эле, мурдагы президенттердин катасын кайталап жатат, керек болсо алардан дагы ашып түштү. Бийлик ушунчалык таттуу, ширин экен өзү айтмакчы ажыдаарга айланып алып эмне кылаарын билбей турган убагы.

Эмнеге юридикалык академиянын мугалими студенттерди үгүттөп жатат? Мен эми айылга барып көргөндөрүмдү, байкуш мугалимдер кандай кысымга туш болуп жатканын айтпай эле коеюн. Муну көзү көр, кулагы керең эле киши билбей калбаса, баарына белгилүү болуп турат. Туруктуу саясатчы катары айтам, административдик ресурсту колдонуу жок болгон убагы болбойт. Бирок Атамбаев ушул көрүнүштөрдү тыйып койсо болот эле. Ал кишинин бир эле сөзү да…

-Эмне себептен Атамбаев менен Жээнбеков бийлигин кармап калууну көздөөдө?

-Экономикалык-саясий жетишпегендиктер абдан көп болду. Булар бийликтен кетсе былыктарынын баары ачылат да. Окумуштуу катары ачык айтайын ИДП 2,3 % боюнча турат. Ал дагы элдин төккөн салыгынын эсебинен болуп жатат. Завод-фабрикалар иштеп гүлдөп кеттикпи? Каңырыгымдын түтөгөнү элдин колунда накталай акча калбаптыр. 1995-жылдагыдай бартерге өтүп калышыптыр.Уйларын койго, койлорун унга алмаштырган жашоо болуп жатыптыр. Бийлик азыр кимди алдагысы келип жатат?

-Бийликте жүргөн адамдар гана эмес карапайым калк дагы ажо алмашса жашоо жакшырат дегенге ишенбей калды. Сиз кандай ойлойсуз, президент алмашcа Кыргызстан өнүгүү жолуна түшөбү?

-Президенттин механикалык түрдө алмашуусунан эч нерсе өзгөрбөйт. Мени кубанткан нерсе президенттикке талапкерлердин жарымынан көбү 45-50 жаштагылар болуп жатат. Мурун эч убакта мындай болгон эмес. Биринчи шайлоодо 3 аксакал ат салышкан: Акаев, Масалиев, Шеримкулов. Бакиев, Атамбаев шайланганда деле өздөрү менен тең чамал адамдар талапкерлигин коюшкан болчу. Азыр Бабановдун, Төрөбаевдин, Кочкоровдун, Масадыковдун чыгып жатканы абдан жакшы. Булар бийликке келсе жаңы саясатка барууга аргасыз болушат. Себеби булар жаш жана креативдүү ой жүгүртө алышат. Чындыгында ушуларга жол берүү керек.

-Талапкерлердин арасынан “ушул президенттикке аттанбай эле койбоптур да” деген адам барбы?

-Мен аксакал киши катары антип айтсам туура болбой калат. Себеби үмүт деген жакшы нерсе да. Ар ким өзүн эр ойлойт. Тилекке каршы өзгөнү шер ойлобой өздөрүн эр ойлогондор көп да.

-Кыргызстандын келечегине ишенесизби?

-Ишенем. Физиктерде жакшы түшүнүк бар. Критикалык масса толду. Менимче саясий критикалык масса дагы бышып жетилди. Атамбаевдин 6 жылдык режимин улантууга аракет кылгандар бийликке келсе колдорунан эч нерсе келбейт. Жаңы нерселер болуш керек. Биздин коңшу өлкөлөргө салыштырсак стагнация болуп, жылыш жок болгон жалгыз гана биздин Кыргызстан. Тажикстан да бизден алдыда. ИДПсы 4,5-5%. Эл өзү деле бышып жетилип калды. Алар 20-30 кишинин кызыкчылыгын көздөгөн эски бийликтин жолу менен кете тургандарды иштетишпейт.

-Экономиканы өнүктүрүп, Кыргызстанды гүлдөтүүнүн кандай жолдору бар?

-Биринчиден, бийликке креативдүү азыркы замандын чакырыктарына туура келип, ошону ойлонгон күчтүү кесипкөй адамдар келиши керек. Артында күчтүү комнада болушу керек. Кытайдын улуу ойчулу Конфуций жакшы сөз айткан: “Бийликте жалаң карылар болсо бул трагедия, жалаң жаштар болсо бул комедия, экөө аралашкан болсо бул гармония” деген. Мен азыркы өкмөткө таң калып жатам, Стивен Сигалдын келгени чечүүчү мааниге ээби? Аны менен өкмөт башчынын жолукканын ММКларда көрсөтүүгө тыюу салышы керек болчу. Өздөрү жолуга берсин, балким булчуңун, балким келбетин, балким ролдорун жакшы көрүшү мүмкүн. Коомчулукка мактанып жар салгандай ал ким эле? Биз үчүн күчтүү менеджерлер бийликке келгени пайдалуу. Бул жерде партияга жана башка нерселерге карабаш керек.

Экинчиден, бизнести сөз түрүндө эмес, мыйзамдуу жол менен когоо керек. Ошондуктан биринчи мыйзам иштеши зарыл. Аны биринчи президент сыйлашы керек. Иранды авторитардык мамлекет дегенибиз менен анын президенти Махмуд Ахмадинежад кой кайтарып жүрөт, автобус менен келе жатат, аялы мектептин полун жууйт экен. Демек,ушинтип мыйзамды сактоонун үлгүсүн көрсөтүү керек. Элге кызмат кылыш керек.

Үчүнчүдөн административдик реформаны тез жүргүзүү зарыл. Түндүк түштүккө, урууларга, уруктарга бөлүнүү чегине жетти. Облустардын кереги жок, райондорду ирилештирүү керек.

-Президенттикке ушул адам талапкерлигин койсо жакшы иштерди жасамак деп көзүңүз түшкөн инсан барбы?

-Бар. Мисалы, Мыктыбек Абдылдаев. Мен ал киши менен 5 жыл иштештим. Бул кишинин жашоо образы, мамлекетке болгон көз карашы өзгөчө. Тилекке каршы, Өмүрбек Текебаевдин камакта жатканы кабыргамды кайыштырып жатат. Ал кишинин потенциалын кыргыз эли акырына чейин пайдалана албай жатат. Ушундай эле сөздү мекенчил жигит Садыр Жапаровго дагы айтат элем. “Күлүктөн күлүк чыкса төрт аягы тыбырайт” деп кыргыз эли бекеринен айткан эмес. Эгерде биз мыйзамдуулукту, айрыкча шайлоодо тыкыр сактасак жүздөгөн жаштар чыкмак. 50-60 адамдын айланасында эле картаны аралаштырып жатышат. Биздин президент Алмазбек Атамбаевдин болсо 10-15 эле картасы бар. Бул трагедия.

-Кыргызда “моюнунан байланган ит ууга жарабайт дейт эмеспи. Сооронбай Жээнбековду кыргыз эли эч качан лидер катары санаган эмес. Лидер катары аны эч ким кабыл албаган соң президент болуп калса ага баш ийип жашоо мүмкүнбү?

-Сооронбай Жээнбеков менин иним болот. Бир айылдан болобуз. Жаш кезинен бери билем. Адам катары абдан жакшы жигит. Инимдин президенттикке аттанганына абдан кубанычтамын, ийгилик каалайм. Бирок азыркы ажо баштап келген бийликтин мындан ары улантууда эч кандай перспектива жок. Жээнбеков анын жолун улантам деп жатпайбы. Ушул сөз менен жообум баарына түшүнүктүү болот го.

-Бир кездеги депутат катары айтсаңыз, азыркы парламентке кандай баа бересиз?

-Терс.  Азыр бизнесмендер, алып сатарлар, базаркомдор эле келишти бийликке. Бул Алмазбек Атамбаевдин эң чоң жаңылыштыгы болду. Парламент 2 жылдан бери эч кандай маселе чечкен жок. Парламент бүгүн жок. Анын көлөкөсүн дагы көргөн жокмун. Парламент бийлик менен макулдашып алып элдин канын соруп жатат. Арасында бирин-серин депутаттар бар элдин таламын талашкан, бирок алар абалды өзгөртүүгө эч кандай таасир бере алышпайт, себеби парламент коллегиалдуу орган.

-“Лигласс” компаниясы тендерден утту деп жарыялоо менен кыргыз эли убакыттан уттуруп жиберген жокпу?

-Кыргыз эли убакыттан гана эмес перспективасынан дагы уттурду. Кыргыз элинин маңдайына бүткөн суу жана кен байлыктары гана бар. ГЭСти куруу “Русгидронун” колунан келет болчу. Жерди убагында мыйзамдаштырып бербей “Русгидронун” жинине тийип, маалкатып туруп алдык. Паритеттик финансылык  каражатты берүүдөн дагы качып туруп алдык. Мунун баары атайылап жасалыптыр да. Перспективасы бар, колунан келген Орусиянын компаниясы куруп койсо кээ бир кишилерге пайда тийбей калмак экен. Анан афера болгон “Лиглассты” таап чыгышты. Эмнеге 37 млн долларды “Лигласска” байлап жатышат? Аны ким жеген, каякка кеткен ошону изилдеш керек. Лигласс эми 1 млн 400 миң долларын төлөп бергиле деп Кыргызстанды сотко берем деп жатыптыр.

-Бул компания боюнча жоопкерчиликти ким тартыш керек?

-Келишим түзүлгөн кезде ким премьер-министр болсо, ошол адам жооп берет да! Бул жерге президент эмнеге аралашты? Анын кандай тиешеси бар эле? Бизде чоң чоң минисрликтер турат го…

-“Өмүрүмдө бир дагы сыйлыкка ээ болбоптурмун, Акмак экенмин…” деп жазып чыктыңыз. Демек, сиз дагы наамдар туура эмес берилген деген пикиресизби?

-Мага наам бербей койдуңар, ошондуктан акмак экенмин деген эмесмин. Мен неберемдин суроосуна жооп бердим. Ал мага: “Сиз министр, депутат болдуңуз. Илимдин докторусуз, профессорсуз. Бирок өмүрүңүздө бир мактоо баракчасын дагы албаптырсыз”- деп жатпайбы. Айрыкча акыркы наам берилген тизмелерди карап, өзүмчө ойлонуп отуруп жаздым. Мен наамга умтулбаптырмын дагы. 1994-жылы “Дастан” университетин ачкан элек. Кийин аны ар-кандай шылтоолор менен тартып алышты. 1999-жылы мени “билим берүүнүн отличниги” наамына көрсөтүшкөн. Мен каршы болсом да болбой беришкен. Ошол гана сыйлыгым бар экен. Депутат болгонумда дагы 120 депутаттын 90 пайызы Жогорку Кеңештин ардак грамотасын алышыптыр. Төртөөбүз гана албаптырбыз. Менимче наамдарды кескин түрдө азайтып, чындыгында татыктуу болон кишилерди гана сыйлоо керек. Бул азыр коомчулуктун кыжырына тийген нерсе болуп калды.

-Маегиңиз үчүн чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

-Сиздерге дагы рахмат!

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир − 6 =