Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт

0

Каганат.

6-7-октябрь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-октябрь күнү Бишкекке расмий делегация келип, 6-октябрда Октябрь кинотеатрында “Ойкиз эртаги” өзбек тасмасы көрсөтүлөт. Ушул эле күнү кечинде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониясында Өзбекстандан келген маданият кызматкерлери концерт уюштурушмакчы.

7-октябрда болсо маданий иш-чаралар Ош шаарында уланат. Анда жогоруда аталган тасма “Сейтек” кинотеатрында көрсөтүлүп С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында концерт болот.

Ошондой эле маданият күндөрүнүн алкагында “Заманбап Өзбекстан” деп аталган фото көргөзмө болору күтүлүүдө.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жыйырма − 17 =