азия оюндары-2017: Кыргызстан курамасы 8-орунга көтөрүлдү

0

Каганат.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргызстан курамамы 8-орунга көтөрүлдү.  Учурда  Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары жалпы 70 медаль утуп алышты. Алардын 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло.

Мелдештерде бильярдчы Ызатбек Ратбеков, бий спортунан Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, герк-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов, самбочулар Жамалбек Асылбек уулу жана Жаныбек Аматов алтын байгелерди багындырышты.

Ал эми грек-рим күрөшүнөн Атабек Азисбеков жана Узур Джузупбеков күмүш медалдарды тагынды.

Самбочулар Мухаметали Эргешев, Алайбек Умотов жана Арсен Камчибеков коло медалдардын ээси болушту. Ошондой эле, бий спорту боюнча жуптар Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей коло медаль алышты.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + 8 =