Караколдогу аэропорт жана бир нече жолдор оңдолот  

Каганат.

Транспорт жана жолдор министрлиги Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүүгө салымын кошуу максатында Борбор Азияда жол каттамдарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасын (БА ЖКЖП-3) даярдоо иштерин аткарууга киришти.

Министрликтен билдиришкендей, бул долбоор 2018-2022-жылдар аралыгында ишке ашырылат.

Анын алкагында «Каркыра» капчыгайында жайгашкан «Хан-Теңири» жана «Жеңиш» чокуларына чыгуу үчүн колдонулган альпинисттик базага баруучу жол, Каракол улуттук паркына жана «Каракол» аэропортуна баруучу жолдор оңдолот.

“Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жаңы жүргүнчү терминалын жана күйүүчү май куюу комплексин куруу жана ошондой эле куткаруучу жана өрт менен күрөшүү жабдыктарын жакшыртуу пландаштырылууда”,-деп билдирет министрлик.

 Ошондой эле Ушул мөөнөттүн аралыгында министрлик Түп-Кеген автожолунун калган бөлүгүн Казакстанга чейин реабилитациялоону пландаштырууда. Натыйжада узундугу 660 чакырым болгон Алматы – Бишкек – Чолпон-Ата – Каракол унаа жолунун ордуна узундугу 383 чакырымды түзгөн Алмата-Түп- «Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы – Каракол унаа жолу менен каттап калышат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 6 =