Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык түзүү демилгеленди

1

Каганат.

Жогорку Кеңештин депутаттары К.Иманалиев, Садык Шер-Нияз, Ж.Бакчиев, Э.Токтошев Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик сыйлык түзүүнү сунушташууда.

Тиешелүү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

“Чыңгыз Айтматов” медалы маданият, агартуу, илим, адабият жана искусство жаатындагы зор эмгеги үчүн, ар түрдүү маданий жана диний салттарды тутунган улуттар менен элдердин маданий мурастарын иликтөөгө жана сактоого, маданияттарын жакындаштырууга жана өз ара байытууга кошкон чоң салымы үчүн, тынчтыкты жана достукту, мамлекеттер ортосундагы руханий байланыштарды өнүктүргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлөрдүн жарандары жана жарандыгы жок адамдар, юридикалык жактар сыйланат”,-деп жазылат маалыматта.

“Чыңгыз Айтматов” медалы “Даңк” медалынан кийин сол төшкө тагылары да белгиленген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

үч × 3 =