Ден соолугу чың наристелүү болгуңуз келеби? Анда бул кеңештер сиз үчүн

Каганат.

Ден-соолугу чың балдар төрөлүшү үчүн боюнда бар айымдар кандай эрежелерди карманышы керектигин И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын акушердик жана гинекология кафедрасынын башчысы, профессор Арсен Аскеров айтып берди.

Боюнда бар айымдар ооруну дарылбай, анын алдын алуу керек деген профессор энелердин жана балдардын ден-соолугунун чың болуусу үчүн 4 эрежени кармануу керектигин билдирди.

Биринчи.

Бизде өтө кооптуу болуп, аялдардын жана балдардын өлүмүнө алып келип жаткан оору – преэклампсия, түйүлдүктүн оорусу. Бул ооруну жеңсе же аны жеңилдетсе болору илимий жактан изилденген. Ал үчүн кальций карбонатын же аспиринди ичүү жетиштүү.

“Мен аймактарды көп кыдырып, үй-бүлөлүк медициналык топтордо, ФАПтарда иштегендер менен баарлашам, ал жактарда бир дагы жолу кальций карбонаты жана аспирин жазылган эмес. Эң жаш энелер жана толук айымдар үчүн сөзсүз түрдө кальций крбонаты жана аспирин күнүнө 2 миң мгдан берилиши керек. Эмнеге? Себеби жогоруда аталган оору пайда болсо дагы ал жеңил түрдө өтөрү далилденген”,-деди ал.

Экинчи

Боюнда бар айым алгачкы күндөрдөн тарта эле курамында темири бар азыктарды жесе, ал өз маалында төрөп, эч кандай кан кетүүлөр болбой турганын илим далилдеген.

“2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму боюнда бар бардык аялдарга темир берүү керектигин сунуштаган, ошондо айына жетпей төрөгөндөр, салмагы аз болуп төрөлгөн наристелер болбойт. Биз болсо аз кандуулук менен жабыркагандарга гана берип жатабыз”,-деди Аскеров.

Үчүнчү

Фолий кислотасы. Бул каражатты бойго болгонго чейин жана боюнда болгон алгачкы айларда ичүү зарыл. Ошондо гана нышан болуп төрөлгөн балдардын саны азаят.

“Көпчүлүк айымдар фолий кислотасын аз өлчөмдө гана ичип коюшат, ошол себептен балдар ар-кандай оорулар менен төрөлүшүүдө”,-деди ал.

Төртүнчү

Заара инфекциясы. Кааласак да каалабасак дагы боюнда бар айымдардын баарында заарасы топтолуп баштайт дагы, бөйрөктө микробдор көбөйө баштайт. Биздин система алсыз жана каражат аз болгондуктан ал жакта микроб көбөйүп жатабы же жокпу биле албайбыз.

“Айрым өлкөлөрдө клюква ширесин беришет, себеби бул өсүмдүк микробордун көбөйүүсүн алдын алат. Пиелонефрит пайда болгуча отура берүүнүн кереги жок, себеби бул бойдон түшүүгө алып келет жана бала туула элек жатып эле инфекцияга кабылат”,-деди профессор.

Алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөндөр ушул 4 эрежени кармануулары керек, ошондо гана эне менен баланын өлүмү азайып, ар кандай оорулар менен туулган наристелердин саны дагы аз болот.

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

20 − он үч =