Күрүчтү эзилтпей бышыруунун сырын билип алыңыз

0

Каганат.

1. Күрүчтү сууга бышыраардын алдында муздак сууга жакшылап чайкап, жуулат. Муздак сууга жуулган күрүчтүн дандары бышып жатканда формасын жоготпойт.

2. Сууга күрүчтү салаардан мурун бир аш кашык өсүмдүк майы куюлат

3. Күрүчтү эмаль идишке бышырууга болбойт жана кайнап жатканда эмес, муздак учурда салынат.

4. Күрүчтү салганга чейин курчутма менен туз салынат.

5. Бир стакан күрүчкө эки стакан суу туура келет. Мындан аз болсо эзилип калат.

6. Азайтылган отко бышыруу туура болот.

7. Күрүч бышып жаткан мискейдин оозу жабык болушу шарт.

8. Бышкан күрүчтү сүзгүчтөн (душлаг) өткөрүп, андан кийин идишке салынат.

9. Төрт порцияга 1 стакан күрүч жетет

10. Кайнап жатканда аралаштырылбайт

11. Ар дайым жаңы күрүч алууга аракет жасаңыз. Эси күрүч ботко сыяктуу эзилип кетет.

12. Күрүч бышыра турган сууга карри, куркумадан 1 чай кашык кошсоңуз сары түскө келет, ал эми күрөң түстө бышырууну каалсаңыз, анда, бир нече кесим кызылча кошуп коюңуз.

13. Сууга бышырылган күрүч муздаткычта капкагы жабык идиште 3-4 күн сакталат.

14. 100 грамм сууга бышкан күрүчтө 100 калория болот.

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз + он эки =