WHATSAPP-КАБАР: Оңдолгонуна 1 ай боло электе Филармониядагы өтмөктөн суу ага баштады

0

Каганат.

Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдынан өтүүчү өтмөк оңдолуп буткөндө шаар бийлиги метро ачкансып жар салып, мактанып бүтө албай жатты эле. Борбор калаада башка алгылыктуу иштер жүргүзүлбөгөндүктөн өтмөктүн оңдолуусу шаардыктар үчүн дагы чоң жаңылык болуп, Атамбаевдин аткошчусу Албек Ибраимовду байдын кызындай эле мактап жатып калышкан.

Анан кантет элек, 1978-жылдан тарта оңдоодон өтпөгөн өтмөк жасалып жатса кубанбай эмне кылабыз? Бирок буга күбө болгон чет жакта иштеп жүргөн кыргыз мекендештерибиз бир чети күлкүлөрү келгенин жашыра албай, бир чети шаар бийлигин шылдыңдашып, башка мамлекеттерде күнүнө мындай өтмөктөр далай оңдолуп жатканы жана шаардыктар үчүн бул кадимки эле көрүнүш экендигин жазып чыгышкан болчу.

Бишкектиктердин бул кубанычы көпкө созулган жок. Себеби 27 млн сом чыгымдалып жасалган өтмөк алгачкы эле сыноодон өтпөй калыптыр. Борбор калаага жааган жамгыр мэриянын шаштысын кетирди. Дегенибиз ооз көптүрүп, мактанып жаткан жер алдындагы өтмөктөн суу агып, курулуш иштери сапаттуу жүрбөгөнү кашкайып көрүнүп калды.

Эми тиешелүү органдар 27 млн сомдун канчасы кимдин чөнтөгүнө кирип кеткенин аныктап чыгуулары зарыл. Акчаны асманга самандай сапырып, ичи жалтырак, тышы калтырак кылып курган жер өтмөктөн суу агып жатканы боюнча тиешелүү адамдар жоопкерчилик тартуусу керек.

 Урматтуу окурман! Эгерде сиз дагы ушул сыяктуу кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-Кабарга 0708 844-844 номерлерине  билдирүү жөнөтсөӊүз болот.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 − 3 =