Жайыттарды пайдалануудан 41 млн сом чогултулду

0

Каганат.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгына жайыттарды пайдалануудан 41 млн сомдон ашык акча каражаты чогулган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,7 млн сомго көп. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акча каражатынын көпчүлүгү Жалал-Абад облусу боюнча чогултулуп, 15,5 млн сомду түздү.

“2009-жылдан 2016-жылга чейинки жайыт жыйымын чогултуу 11 млн дон 131 млн го чейин өскөн. 2016-жылы жайыт жыйымы мурунку жылга салыштырмалуу 10 млн сомго аз.  Чогултулган акчанын көпчүлүк бөлүгү жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууга пайдаланылып жатат. Жайыт комитететтери акчаны кайда жумшаш керек экендигин жолдорду, көпүрөлөрдү ремонттон өткөрүү же куруу, же кандайдыр бир техника алууну өздөрү чечип жатышат”,-деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле реформа болгон 7 жыл ичинде Бүткүл дүйнөлүк банк жана ИФАД каржылаган улуттук долбоор аркылуу 15 миң км жайыт жолдору оңдолуп (курулуп), 1600дөн ашык көпүрө, 750 дөн ашык суу түтүктөрү  курулганы белгилүү болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × үч =