Жалал-Абад-Казарман унаа жолуна кар көчкү түштү

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад-Казарман унаа жолуна кар көчкүсү түштү.

 Маалым болгондой,  29-сентябрда күнү саат 08:00 чамасында Жалал-Абад-Казарман автоунаа жолунун 42-50-чакырымына кар көчкүсү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган.  

Кар көчкү түшкөн тилкеде №31 жол тейлөө ишканасынан бир автожүктөгүч жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Түшкөн кардын көлөмү канча экени такталган эмес.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 + он =