“Эркектин ролун мыкты аткарган” деген сыйлыкты эң көп алган – Сүймөнкул Чокморов

0

Каганат.

“Кыргыздын гиннес китебин” жазган акын, жазуучу, котормочу Ысмайыл Кадыров менен маек куруп, анын аталган китебин сайтыбызга жарыялап туруу уруксатын алганбыз. Мындан ары Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат ала аласыздар.

Эң көп

• Эң көп китеп жазган акын — Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.

• Акын Самсак Станаливдин изилдегенине караганда өмүр бою басмада иштеген балдар жазуучусу Дүйшөн Сулайманов китеп редакциялоо боюнча рекорд коюп, миңдей китептин редактору болуптур.

• Эң көп томдуу кыргыз китеби — 30 томдук “Эл адабияты” сериясы. Бул ири көлөмдөгү жана кыргыз фольклорунун бардык жанрларынын үлгүлөрүн ирээти менен камтыган илимий мүнөздөгү эмгек 1996­2003-ж. чыгарылган.

• Эң көп обон чыгарылган ыр — эл акыны Сооронбай Жусуевдин “Унутпаймын” деген ыры. Ал ырга 5 автор — Р.Абдыкадыров, Б.Тургунбаев, Э.Мааданбеков, Б.Усубалиев, Ж.Жумагулов обон чыгарган.

• Эң көп обон жараткан (700дөй) композитор­обончу — Жумамүдүн Шералиев. Ал Кыргыз мамлекеттик филармониясынын алгачкы солисттеринин да бири.

• Эң көп жана эң көлөмдүү романдар Т.Сыдыкбековго гана тиешелүү болсо, акыркы жылдары эң көп роман жазган жазуучу — Мелис Макенбаев. 1994-98­-жылдардын ичинде эле анын учурдун социалдык проблемаларын камтыган 9 романы жарык көргөн.

• Эң көп псевдоними (жашырын аты) бар акын — Рамис Рыскулов. Өзүнүн айтуусу боюнча 500дөн ашык псевдоними бар. 6 ат менен басма сөз бетине чыгып жүрөт.

• “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген принципти карманып, өзгөгө каниет кылса да өнөргө топук кылбаган кыргыз элинин көп кырдуу таланттарындын бири Казакбай Абдышев. Кесиби инженер­механик. 25 жыл автоунаа тармагында иштеген. Ал жазуучу, акын, күүчү, обончу, аткаруучу, комузчу, домбрачы, график­сүрөтчү ж.б. көп өнөрлөрдүн ээси.

• Эң көп союзга мүчө болгон-искусство таануучу Сарман Асанбеков. Ал КПССтин, СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун, Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун, Кыргызстан театр ишмерлери союзунун мүчөсү. Ал эми композитор Сталбек Бактыгулов Композиторлор, жазуучулар, журналисттер, театр ишмерлери союздарынын мүчөсү. Ч.Айтматов академиясынын академиги.

• “Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты эң көп алган (6 жолу) бирден бир киноактёр— Сүймөнкул Чокморов.

• Эң көп чемпиондук наамга спортчу Орзубек Назаров ээ болгон. Ал кесипкөй­боксчулардын арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиондук наамын жеңип алган.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × төрт =