КСДП депутаты Жээнбековго үгүттөп жатканы тууралуу аудио тарады (аудио)

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Абтандил Кулбараков менен Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун шайлоодо ким канча добуш алып берери тууралуу сүйлөшүүсү тарады. Видео ар бир сүйлөп жаткан кишинин сүрөттөрү коюлуп жасалган тасмада Кабак айылынын айыл өкмөтү дагы бар экени жазылат.

Анда алар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго Жумгал районунан кантип добуш топтоо маселесин талкуулашкан.

Аудиодо азыркы мамлекеттик кызматкерлер мурда “Ак жол” партиясы Бакиевге добуш топтогондой иштеши керектигин сүйлөшүшкөн.

Ошондой эле мектептен кайсы мугалим башка талапкерге иштеп жатса директорго айтылышы керектиги, ФАПтан медайымдар башка талапкерге иштелип жатса башкы дарыгерге айтыш керектиги тууралуу кеп кылышкан.

Ал эми дагы бир аудиодо депутат Абтандил Кулбараков Жумгал районундагы Сары-Камыш айылындагы мектептин курулушуна 7 миллион сом бөлүнүүсү үчүн жашоочулар Сооронбай Жээнбековго добуш берүүсү керектиги жазылган.

Андан сырткары аким Адыл Сапаровдукуна окшош үн административдик ресурсту болушунча колдонуп, Жээнбековго добуш топтоо керектигин айткан.

 

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки + он эки =