Жалал-Абад-Казарман жолу бир тараптуу ачылды

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Жалал-Абад-Казарман жолу бир тараптуу ачылды.

Маалым болгондой, түштөн кийин тазалоо иштери жүрүп, аталган жол бир тарапка ачылды.

Белгилей кетсек, кечээ 29-сентябрда  Жалал-Абад-Казарман автоунаа жолунун 42-50-чакырымына кар көчкү түшүп унаа жолу  убактылуу жабылган.

Учурда жолду көчкүдөн тазалоо иштери уланып жатат.

 ӨКМ   өтө зарыл иштери болбогондорду бул жол аркылуу сапарга чыкпай турууну эскертет.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + он жети =