Майлуу-Суу шаары өнүгүү жолунда

0

Каганат.

Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ аймактык башкармалыгы менен байланыштыруучу жол көчкүдө калып, жаңы жол курулду. Бул тууралуу Майлуу-Суу шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Рахманалы Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдун сметалык баасы 10 миллион сомду түзгөн. КРнын өкмөтү тарабынан Майлуу-Суу – Маданият жолуна 2016-жылы 3 чакырымга, ал эми 2017-жылы 2 чакырымга толук асфальт төшөлгөн.  

“Андан сырткары “Мега мастер плюс” жеке менчик ишканасы курулуп, азыркы күндө ташты кайра иштетүүдөн күнүнө 1 тоннага жакын гипс, алебастр чыгууда. Долбоордун алкагында донорлор тарабынан Майлуу-Суу шаарынын № 76- кесиптик лицейин чатыры толугу менен жана аудиториясы капиталдык ремонттон өттү. Анын сметалык баасы  4,1 миллион сомду түздү”,-деди ал.

Ошондой эле Майлуу-Суу шаарынын колледжине долбоор аркылуу 950 миң сомго 25 даана компьютер алынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он тогуз − 17 =