Сүйүнчү! Чолпон-Атада 3 эм төрөлдү

Каганат.

Чолпон-Атанын аймактык ооруканасында бүгүн, 4-октябрда 3 эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы айым 1 уулду (салмагы 1685г.), 2 кызды (салмагы1900 г. жана 1965 г.)  жарык дүйнөгө алып келген.

Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы канааттандырарлык экени айтылды.

Балдар Ысык-Көл облустук ооруканасына которулган. Бир нече күндөн соң энеси дагы аталган ооруканага которулары белгилүү болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 4 =