Сынган кылыч: Мала- хан эмне үчүн Алымбек Датканы күнөөкөр деп эсептеди?

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей “Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

* * *

Бул беттешүүнү Кокондо ордо жыйынында да жеңиш катары дүң кыла кабыл алышты. Казатынын токтолушун күздүн капилет түшкөн суугуна, азык-түлүк тартыш болгонуна таяп түшүндүрдү Канаат-ша.

Бирок, айтылган себептер ыраазы кылбай, анын үстүнө Канаат-шанын эки көзү жашылдана кыңырылган кейпинен элдин көзүнчө айта албай турган бирдемеси барын сезген Мала-хан кечкурун Канаат-шаны өзүн жалгыз чакыртып алды. Эми катаал суракка кириптер болорун билип, тула бою дүркүрөп, жүрөгү алдастап, Канаат-ша эки колун көкүрөгүнө ала бет алдына чөк түшүп отурган бойдон дагы бешенесин жерге ура бүгүлдү:

— О, азирети… — деп, балбалактап жиберди.

— О, азирети, мен го баш бурбас кулуңузмун, о азирети… Сиз менен да эл талашкан, сиз менен да бак талашкан бейнысап бар экен…

Бул сөз Мала-хандын жүрөгүнө тикендей келип сайылды. Мала-хан кулунун солуктагансып кылчылдаган эки ийнин нестейе тиктеп, отуруп калды.

«Ким? Ким болмок ушу күндө эл талаша турган, бак талаша турган?!» деп, түкшүмөл ою чарк урду.

— Айтың… — деди ал акырын. Эми Канаат-ша тириле, кыркма кара сакал ээгин көтөрө, бирде эки көзүн чылк жумуп, бирде чакырайта чоң ачып, күйө-быша сүйлөп кирди:

— О, азирети, өзүңүзгө маалум ки, бирден ат, жана да башка каражат бүт ошол жактагы журтуңуздан жыйналмак болгон. «Суук», «азык жок», «ат арыган» деп, айла жоктон айтып отурабыз.

Мына, Алымбек Сары өзөн журтуна өзү чардап мейман болуп, кыл жылдыртпай жатып алып, кесепети ушул болду ки, кошун олжодон айрылып — аты арып, суукка урунуп, азыктан мукурап, акыры жоого жарамы начарлады — бул бир себеп.

Мунусу аз келгенсип, кара ниет Алымбек биз орус менен бырчылдашып турган учурубузда «артынан каптамак» вазийфасын аткарбай, бир да кишисин көмөккө жибербей, кырдын башынан түшпөй туруп алып, бизди кыргынга атайы кабылтты — бул бир себеп.

Тоо жолуна камдуу барышкан — кийими жылуу, ар биринде бирден мингич, бирден жүкчүл аты, жүктөнгөн азыгы бар эле — ошол онеки миң кошун менен бир алла жардамына сыйынып, урушту өзү улантса куп болот болучу. Бирак өзү көп кошунун самсыткан бойдон кайра тартты — бул бир себеп.

Мына, айтарым ушул ки, азирети, ушул өңдүү арам ой саткын аралашкан иш оңуна кетпей казатты келерки жазга аманат кылып токтотушка мажбур болдук… Бир да жолу кебин бузбай, бир жолу каш-кабактан жакканын же жакпаганын туйгузбай, дагы көпкө былк этпей тултуюп отура берди Мала-хан.

Не бир жакын деген ордо кишилери Мала-хандын көңүлүндөгү астейдил оюн сырт кейпинен баамдай   алышчу эмес. Эми да же каары, же бир ырайым ойлоп турганы туңгуюк.

«Э, сизге биз жүда зор ишеним кылсак, ишенимди баалай да албай, аткара да албай, кызыл дилде чачып кураган кошунду бөөдө ичөткөккө кырдырып, ыя, анан кайра келип өз кадырман датка агабызга жалаа кыласыз а?!» деп жибериши да мүмкүн.

Өзү деле көрөйүн деген көзү жок датка агасын, бу казаттагы атайын кылган бөгөтүн билип эле туруп, бирок ал кубаттуу душманы менен убактысынча болсо да, көңүлүн бүркүткө чырга сүйрөткөндөй чаргыта алаксытып туруш үчүн да болсо, анын башына жалгыз аяк кызыл башты садага чаап коюшу толук ыктымал болучу. Канаат-шанын тула бою дүркүрөп турду.

— Жакшы тосуштубу туугандары? — деп сурады Мала-хан бир убакта.

— О-о! — деди Канаат-ша эки көзү чакчайып.

— Акбоз бээ чалышты кадырына! Акбоз бээ!.. Мала-хан таарынган бала кейиптене чарасыз томсоро жер тиктеп, дагы унчукпай дагы өзүнчө башын ийкегиледи:

— Ыя, туугандары акбоз бээ чалып, аны хан көтөрүп алышкан турбайбы, көтөрбөсө да бу көтөргөнгө барабар иш эмеспи? Жамы кыргыз кыпчактын башын бириктириш жолуна түшүшкөн турбайбы?..

Эми ачык эчтеме айта албай, мыңкылдап, баш ийкебей же ийкебей коё албай, кайгы касырет сездире көзүн үлдүрөтө жумуп калды Канаат-ша. «И, көтөрүп алышты» десе ашыкча айтылса, ханга жакпаса, «көтөргөндөн айлансын» десе кем айтылса, куралып жаткан коркунуч жеткилең туюндурулбай калса! Эмне дейт?! — Башын алмак ылазым дейсиз го? — деди хан кекээр сездире, ээгин көтөрө тике карап, жооп күтүп калды. Канаат-ша ачык мындай сөздү айтпаса да, атайын «айткан жокмун» деп актанбай койду. А эгер хан анын көзүнөн сезип отурса сезилгени ошо, дагы эски адатынча сынап жатса, кантмекчи, сынасын, оозунан эчтеме чыккан жок.

— Башын алып салмак кыйын эмес. Акыры эмне болмокчу? Бүтүн кыргыз кыпчак каршыгат бизге. Колдон талашып турган оруска өтүп кете беришет. Ушуну кылалыбы? Оозуна эчтеме кирбей бирпаста көл-шал терге түшүп кетти Канаат-ша. Эми анын кеңешинин да, өзүнүн да кереги жоктой хан жүзү үйрүлө өзүнчө ойго бата калды. Хан акырын башын ийкей ишара кылары замат ордунан леп тура бүжүрөп кетенчиктеп чыга жөнөдү Канаат-ша.

Нары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры Алымбек датканы көңүлүнүн тереңинде күнөөкөр деп эсептеди Мала- хан. Келери замат аны «саткын» деп айыптап, калкка жарыялап, мойнунан байлатып алып көчөмө-көчө кыдыртып, анан башын алдырып таштаса кандай болмокчу? Мына бу куу шыйрак Канаат эмес экен Алымбек! Кыйын!

Чарасыз бир абалга кабылып, өзүнчө күрсүнө онтоп, бул ниетин ачыкка чыгара албай хан башы менен кыйналып, шалдырап отуруп калды Мала-хан. Бул беттешүүнү орус тарабы да жеңиш катары баалады.

Саны жагынан алда канча ашып түшкөн көп кошундун кара селин токтотуу, өзү аз гана чыгым тартып, а душманды кызылдай кыргынга кабылтуу — жеңиш. Кыйын кыстоо түшкөн учурда аскерди эртеңки күнгө бүтүн сактоо үчүн туман жамынып майдандан бекем жерге чегинип кетүү — ык.

Бул беттешүү эки жакка тең сыноо болуп, орус отрядынын баягы туруктуу рухун кайра далилдеп, кайра бекемдеп, мындан наркы болор кармашууларга даярдыгы мыгымдыгын көрсөтүп, а кокондуктардын жинин кагып, арасы бейырк экенин ачык байкатты.

Кара кыргыздардын урушка катышпай коюшканын, аларды баштаган Алымбек датканын ошол тапта орустун пайдасына кеткен табышмак мүнөзүн аскер губернаторуна саласал кылды Колпаковский.

Күн батыш Сибирь аскер губернатору Гасфорд төрө ошол 1860-жылы 27- октябринде: «Мындан нары кара кыргыздарга карата бир дагы каршы аракет кылынбасын. Уруу башчы манаптарына дагы бирден кымкап чапан берип сыйлап, жанга тартып туруу зарыл…» деп, кайра Колпаковскийге көрсөтмө кылды.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 11 =