“Түндүкэлектр” кызматы эртең 2 миңден ашык керектөөчүнү электр энергиясыз калтырат

Каганат.

“Түндүкэлектр” кызматы эртең  5-октябрда 2 миңден ашык керектөөчүнү электр энергиясынан өчүрөт.

Маалым болгондой, анын себеби карыздар. 1-октябрга карата Бишкек шаары боюнча эле тиричилик керектөөчүлөрдүн бересеси 66 миллион сомго жакындады.

Белгилеп кетсек, бөлүштүрүүчү компания карызы бар керектөөчүлөрдү жарыктан алыстан туруп өчүрүү мүмкүнчүлүгүн алган. Буга “акылдуу эсептегичтер” шарт түзүүдө. Алар ошол эле кезде керектөөчү төлөм жүргүзөрү менен электр энергиясына жээрлик дароо туташтырат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он + он төрт =