Князев: Кыргызстанда башаламандыкты башкаруучу партия гана жасай алат

0

Каганат.

Тарых илимдеринин доктору, Жакынкы чыгыш жана Борбордук Азия боюнча эксперт Александр Князев Ц-1 сайтына берген маегинде КСДП партиясынын провакациялары тууралуу жана Кыргызстандагы КСДП партиясына өлкөдө башаламандык уюштуруу  эмнеге керек экендиги жөнүндө даг кенен түшүнүк берген. 

Ошондой эле саясий серепчи  президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков Катардын күмөн жараткан уюмдары менен кандай байланышта экендигин көз жаздымда калтырган эмес. Ошондуктан  маекти кыргызчага которуп берүүнү туура көрдүк.

– Князев мырза, Кыргызстанда бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилеби?

-Кыргызстанда абал күн өткөн сайын курчуп бара жатат. Ар түрдүү провакациялар болууда, анын ичинде терракт уюштуруулар болмок деген шылтоолор дагы бар. Өлкөдө башаламандык уюштурууга КСДП командасынан башка эч ким кызыкдар эмес, себеби алардын таза шайлоо болсо жеңип чыгуу шансы өтө төмөн. Дал ушул бийлик партиясы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу үчүн туруктуулукту бузушу мүмкүн. Илгертен келе жаткан qui prodest, башкача айтканда, “карачы, кимге пайда” деген принцип жүз пайыз иштөөдө.

– Жакында эле КСДП партиясынан президенттикке талапкер «24 kg» маалыматтык агенттигинин жана журналист Кабай Карабековдун үстүнөн арыз жазды, себеби алар Жээнбековдордун арабиялык “Социалдык реформалар коому” менен байланышы бар экенин жазып чыгышыптыр. Бул президенттикке талапкердин нааразычылыгын жаратты. Эмнеге?

-Кувейттин “Социалдык реформалар коому” же «Джамият аль-Ислах аль-Иджтимаи» ызы-чуулуу уюмдар, алар дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдө «Ихван уль-муслимое» – “Мусулман боордошто” деген атты жамынып жүрүшөт.

Булардын максаты – светтик өкмөттөрдү жок кылып, дүйнөлүк масштабда исламдык башкарууну киргизүү. Алар мусулман калктуу өлкөлөрдө иш алып барышат.

Бул такфирдик уюмдар. Такфир – бул ишенбөөчүлүккө күнөөлөп, өз жарандарына каршы куралдуу джихад баштоо.

«Аль-Ислах аль-Иджтимаи» дал ушул багытта иш алпарып, ислам динине ишенгендерди башка диндегилерге каршы коюшууда. Бирок алар пропаганда менен гана алектенишпейт.

– Бул уюм иш жүзүндө эмне менен алек?

-2003-жылы Орусиянын Жогорку сотунун чечими менен “Социалдык реформалар коому” терорристтик уюм катары табылып, анын ишмердүүлугүнө тыюу салынган.

Кыргызстандагы диний абал мамлекеттик курулуштун светтик моделден кетип айрым кыргыз кландарынын катышуусу менен Персид булуңунан келген диний-экстремисттик уюмдардын статусун бекемдөөгө бара жатканынан кабар берет.

Ал кландардын бири – Жээнбековдор. Бул жерде “Социалдык реформалар коому” гана эмес башка уюмдар дагы бар. Болгону бул уюм белгилүүлөрдүн катарында. Мындай жамааттар ондоп саналат.

Персид булуңунун жарандарына визасыз режим киргизилгени Сауд Аравиясынан, Кувейттен, Катардан туристтердин келүүсүнө жол ачылганы менен алардын арасында күмөн жараткан диний коомдордун өкүлдөрү дагы жок эмес.

Алар студенттерди Медина университетинде окутууга квота жана накталай акчаларды алып келишүүдө. Ушундай эмиссалардын ар бири студенттерге 100 квота берип келишет. 9-12 жаштагы балдарды окууга алып кеткен учурлар дагы жок эмес.

Мындан тышкары «Таблиги Жамаат» уюму дагы коркунуч жаратып келет, алардын негизги иштери даваат жүргүзүү. Алардын айрымдары агрессивдүү болушуп, коомчулуука динди кыйын билген киши катары дин тууралуу өз түшүнүктөрүн жайып келишет.

-Жээнбеков бийликке келсе, Кыргызстан исламдашып кетеби?

-Жээнбековдордун радикалдык диний түзүмдөр менен байланышта болгону КСДПдан талапкер президент болсо эле адамдардын баары хиджаб кийип калат дегендик эмес.

Биз сөз кылып жаткан уюмдарда өзүнүн таасирин күчөтүү боюнча иштелип чыккан тактикасы бар. Алгач коомчулук колдой турган чечимдер кабыл алынышы мүмкүн. Мисалы, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу.

Бул өтө деле коркунучтуу эмес деңизчи, бирок дал ушундай нерселерден улам жарандардын эркиндиги акырындан чектелип баштайт дагы андан кийин олуттуу нерселер киргизиле баштайт.

Бул уюмдар Ак үйдө кантип иштеп жатканын айтуу кыйын, бирок каржылоого кызыккандар дагы жок эмес.

– Сиз атап өткөн уюмдар Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу?

-Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Кытайда мындай уюмдарга башкача мамиле кылышат. Себеби баардык эле диндер логикага ылайык келбейт, алар сезим менен ишенишет, ошондуктан туруксуз абалдар болушу ыктымал.

Диний тармак аялуу. Бул жерде мамлекеттин ролу чоң. Ал коомчулуктун кызыкчылыгын көздөп Персид булуңунан башкарылган айрым топторго чектөө киргизип, күч дагы колдонуусу керек.

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

үч × төрт =