Мамкаттоо БШКга шайлоочулардын такталган, акыркы тизмесин берди

Каганат.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын такталган, акыркы тизмесин БШКга берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

 Маалым болгондой, алдыдагы шайлоодо 3 миллион 25 миң 768 жаран добуш берүүгө укуктуу. Анын ичинде 18 миң 580 жаран чет мамлекеттерден добуш берсе, калганы өлкө аймагындагы участкаларга барат.

Быйыл 17 миң 180 жаран шайлоочулардын тизмесинен чыгарылганы белгилүү болду: каза тапкандар 16 миң жаран, кыргыз жарандыгынан баш тарткандар – 493 жаран, эски үлгүдөгү паспорттору менен жүргөндөрдүн саны 13,5 миң.

Президенттик шайлоолор   15-октябрда өтөт. Бул күнү биометрикалык маалыматын тапшыргандар гана добуш бере алат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − 2 =