Ысык-Көлдө короодон чыккан өрттөн 10 кой жана эки уй  күйүп кетти

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл облусунда короодон чыккан өрттөн 10 кой жана эки уй  күйүп кетти.

 Маалым болгондой, Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында түнкү саат 4.00гө жакын өрт чыгып, короодогу мал менен бирге, миң боо чөптү дагы күйгүзгөн. Өрт таңкы 8.40да гана өчүрүлгөн.

Бактыга жараша, адамдар арасында жабыркагандар жок. Жалындын чыккан себеби такталууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

15 − беш =