Өзбекстанда “Манас” эпосунун өзбек тилиндеги котормосу чыкты

0

Каганат.

Өзбекстанда “Манас” эпосунун өзбек тилиндеги котормосу чыкты. 5-октябрда Ташкентте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Алмазбек Атамбаевге “Манастын” өзбекче котормосунун биринчи нускасын белек кылды.

Мирзиёев “Манас” эпосу бир гана кыргыздардын эмес, жалпы түрк элдеринин сейрек кездешүүчү эстелиги экенин белгиледи.

“Мен баарыӊарга “Манасты” окуп чыгууну сунуштайм. Бул эпос Гиннесс рекорддор китебине да кирген. Бул китепти өзбек тилинде басып чыгаруу өзбек эли үчүн пайдалуу болорун түшүндүм”,-деген өзбек ажосу.

Өзбек тилине “Манас” эпосунун жазуучу Бексултан Жакиев жазган кыскартылган варианты которулган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш + 20 =