Орусиянын мониторинг жүргүзүү борбору: Калк арасында Бабанов лидер

0

Каганат.

Орусиянын «Прагма» деп аталган мониторинг жүргүзүү боюнча борбору президенттик шайлоо алдында Кыргызстандын жарандарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ага 18 жаштан жогору жарандар катышкан. Сурамжылоо ар бир жарандын үйүнө барып кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн.

Натыйжада сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын 65%ы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдой турганы белгилүү болгон. Башка талапкерлердин баары шайлоо алдындагы ат салыштын фаворитинен алда канча артта экени аныкталган. Ошентип калк арасындагы саясий лидер Бабанов болсо, андан кийин КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков экени белгилүү болгон. Ага добуш беребиз дегендер 12%ды түзгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты + он бир =