Темир Жумакадыров 38 жаш – кыйылган кырчын өмүр…

0

Каганат.

Темир Жумакадыровдун 38 жылда басып өткөн жолу

Аты-жөнү: Жумакадыров Темир Курмангазиевич

Туулган жылы: 1979-жыл 4-август

Улуту: кыргыз

Билген тилдери: кыргыз, орус, испан

Билими:

– 1996-жылы Чолпон-Ата шаарындагы Киров атындагы орто мектебин бүтүргөн;

– 2001-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун эл аралык байланыштар факультетин аяктаган.

– 1999-жылы Испаниядагы университеттердин бириндеги жайкы мектепте билим алган.

Эмгек жолу:

2001-жылдын июль айынан 2006-жылга чейин БУУнун улуттук ыктыярчысы, жергиликтүү башкаруу боюнча адис, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Нарын облусу боюнча аймактык координатору;

2006-жылдын июль айынан 2007-жылдын май айына чейин TACIS Европалык биримдигинин «КОР — Фаза 2 ишке ашыруу» долбоорунун стратегиялык пландоо боюнча консультанты;

2008-жылдын март айынан 2009-жылдын октябрь айына чейин Азия өнүктүрүү банкынын долбоорлору боюнча менеджер;

2006-жылдын сентябрь айында Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин эл аралык мамилелер факультететинде конфликтология, дипломатия жана геополитика боюнча ага окутуучусу;

2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын май айына чейин президенттин катчылыгы, эксперттик аналитикалык камсыздоо кызматында эксперт;

2010-2012-жылдары Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети, Эл аралык байланыш жана инвестициялар боюнча департаментинин башчысы.

2011-жылдын май айынан тарта «Адамдык өнүгүүнүн кыргыз-япон борбору» коомдук фондунун директору.

2012-жылдын декабрь айынан тарта «Кеменгер» коомдук уюмунун жетекчиси.

2013-жылдын 15-августунан тарта президент А.Атамбаевдин буйругу менен КРнын Коргонуу кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган.

2015-жылдын 21-февралынан тарта КРнын Коргонуу кеңешинин катчысы.

2015-жылдын 20-июлунан тарта президент А.Атамбаевдин буйругу менен Президенттин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

2015-жылдын 7-октябрында президент А.Атамбаевдин буйругу менен КРнын Коргонуу кеңешинин катчысы болуп дайындалган.

2017-жылдын 31-мартында президент А.Атамбаевдин буйругу менен КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган.

2017-жылдын 26-августанда президенттин буйругу менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан бошотулуп, КРнын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү: 3 кыздын атасы

2016-жылдын 30-августан президент А.Атамбаевдин буйругу менен «Даңк» медалы менен сыйланган.

Бүгүн, 7-октябрь күнү эрте менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада жеңил унаанын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.

Айдоочусу Нурбек Муканов 33 жашта болчу.

Ал эми жардамчысы Нурлан Жамгырчиев 30 жашта эле.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он алты − 8 =